КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-октябры № 805-т
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-жылдын 30-июлунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын «22» октябрындагы № 805-т тескемеси менен жактырылган |
2026-жылдын 30-июлунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2026-жылдын 30-июлунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашуу эки өлкөнүн жарандары үчүн Кыргыз Республикасында курагы, майыптыгы жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча камсыздандыруу пенсияларын, Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддон пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен төлөмдөрдү, ошондой эле Өзбекстан Республикасында курагы, майыптыгы жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча мамлекеттик пенсияларды, пенсиялык топтоо каражаттарынан төлөмдөрдү алуу укуктарын алуу боюнча бирдей шарттарды түзөт.
Ар бир тарап пенсия алуу укугун өзүнүн мыйзамдарына ылайык алынган камсыздандыруу стажына жараша аныктайт. Пенсияны дайындаган тараптын мыйзамдарында белгиленген шарттарда жана тартипте пенсия дайындалат. Ошол эле учурда эгерде пенсия алуу укугун аныктоо үчүн камсыздандыруу стажы жетишсиз болсо, анда стажды кошуу каралган, бул Макулдашууну түзүүнүн негизги максаты болуп саналат. Пенсиялар эки мамлекеттин жарандарына жашаган жерине карабастан жана Макулдашууга туура келген жарандарга жеткирүү боюнча кандайдыр бир чыгымдар кармалбастан түздөн-түз төлөнөт.
Ошондой эле Макулдашууда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө бөлүгүндө колдонулуучу мыйзамдардын ченемдери сүйлөшүлгөн. Башкача айтканда, камсыздандыруу төгүмдөрүн эки жолу төлөбөө үчүн иш сапарга жиберүү жана анын мөөнөтүн узартуу боюнча беренелер каралган.
«2026-жылдын 30-июлунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Макулдашууну ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде жыл сайын каралат. Ошону менен бирге туруктуу жашоонун негизинде төлөнүүчү республикалык бюджеттен кепилдиктер алып салынган.
Макулдашуу 2025-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети (2025-жылдын 16-сентябрындагы № 6-7684/25 чечими), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети менен (2025-жылдын 16-сентябрындагы № 6-7698/25 чечими) макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы № 895-т тескемеси менен жактырылган.