Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылы 2-октябры № 122
Жыйындарды өткөрүүнү координациялоо үчүн жумушчу топтун курамын бекитүү жөнундө
“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39- беренесинин негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жыйындарды өткөрүүнү координациялоо үчүн төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсун:
1. Абдикарим кызы Жазгүл- айыл өкмөтүнун жооптуу катчысы;
2. Газыбек у. А. - айылдык кеңештин төрагасынын орун басары;
3. Касымов М.- айыл өкмөтүнун бөлүм башчысы;
4. Масалиева К. - айыл өкмөтүнүн адиси ;
5. Абдрахманов Г.- аксакалдар Кеңешинин төрагасы;
6. Тагаев Ш. – аксакалдар сотунун төрагасы;
7. Мамаярова С. – аялдар кеңешинин төрайымы;
8. Мукарамов А. – Паскы-Арык айылынын айыл башчысы;
9. Боронов Х. - Жаңы-Бак айылынын айыл башчысы;
2. Жумушчу топтун ишине айылдык кенештин төрагасы Ш.Гапаров башчылык кылат.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн орун басары Ж.Полотовго тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага
Ш.Гапаров