КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-октябры № 366
Кыргыз Республикасынын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү, Бишкек – Кант – Токмок автомобиль жолунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жол кыймылынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу, Бишкек шаары менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун калктуу конуштарынын ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртуу, региондорду туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети узундугу 14,5 км болгон 9,050 – 23,550-км участогунда Бишкек – Кант – Токмок автомобиль жолун реконструкциялоо боюнча иштерди аткаруу үчүн берүүчүнү (подрядчыларды) мыйзамдарда белгиленген тартипте аныктасын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |