Редакцияот 05.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы

 

2026-жылдын 5-jrnz,hs № 79

          Ак-Татыр айыл аймагынан Кекзектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренеси, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309  “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кезектеги  V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы №1 протоколун аткарууга алып, айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы токтом кылат:

1.  Ак-Татыр айыл аймагы Ак-Татыр айылында Т.Садыков мектебинин залында  2026-жылдын 24-октябрында саат 14:00 гө жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү чакыртылсын. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйына катышкандардын саны 80 (сексен) ден ашбасын. 

 

2.    Ак-Татыр айыл аймагынын төрт айылынан, Ак-Татыр айылынан  27 (жыйырма жети), Орто-Боз айылынан 15 (он беш) , Рават айылынан  19 (он тогуз) , Үч-Дөбө айылынан 19 (он тогуз) өкүл  шайланат.

 

3.    Ак-Татыр айыл аймагынын төрт айылында жыйындарды өткөрүү графиги  12-октябры Орто-Боз айылында, 8-октябры Рават айылында, 9-октябры Ак-Татыр айылында, 13-октябры Үч-Дөбө айылында өткөрүлөт.

 

4.    Жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары. 

 

1) Ак-Татыр айылынан коомдоштук жыйынын өткөрүүгө жооптуу

Кулмурзаев Абдимажит Каразакович, Амирбек уулу Алтынбек.

 

2) Рават айылынан коомдоштук жыйынын өткөрүүгө жооптуу                                                                  Джапаров Нүрүдүн Дүшеевич, Маматов Өмүрбек.

    3) Орто-Боз айылынан коомдоштук жыйынын өткөрүүгө жооптуу.                      Жапарова Айымбасар. Мазаитов Абдимутали

        4) Үч-Дөбө айылынан коомдоштук жыйынын өткөрүүгө жооптуу.                      Матмуратов Эсенали Чотбаевич, Турдукулов Алимкул.

        5) Айыл өкмөтүнүн айыл башчылары жана коомчулуктан.Жангиров Дурусбек, Сами уулу Туратбек, Абдуллаева Мухаббат. Ахматов Расул, Мурзакулов Хамзидин

5.    Ак-Татыр айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун төрагасы Исманов Токтосун Анарбаевич, катчысы Өмүров Максатбек Маннапович болуп курамы  15 (он беш) адамдан болуп                1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

6.    Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар  2026-жылдын 8-октябрынан баштап  16-октябрына чейин график боюнча                         2-тиркемеге ылайык өткөрүлсүн.  

 

7.    Жумушчу топ жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынан кийин:                 Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын көрсөтүү боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн анкеталарын чогултуп жалпылоо 20-октябрга чейин.                                                                                                                     Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын тизмесин тактап, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат  22-октябрга чейин даярдалсын.

 

8.    Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштуруу жана керектүү документтерди даярдап берүү жумушчу топтун курамына милдеттендирилсин.

 

9.    Ушул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

10. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.

 

11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

12. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Тиркеме: 2 баракта.

 

Төрага:                                                                                                                                           Т.Исманов

 

 

 

 

 

             1-тиркеме      

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясынын №79 токтомуна тиркеме.

Ак-Татыр айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын  өкүлчүлүктүү  жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун  курамы.

 

 

  к/№

 

                                        Ф.А.А

 

            Кызматы

1

Исманов Токтосун Анарбаевич

Төрөга

2

Өмүров Максатбек Маннапович

Катчысы

3

Кулмурзаев Абдимажит Каразакович

мүчөсү

4

Амирбек уулу Алтынбек

мүчөсү

5

Джапаров Нүрүдүн Дүйшеевич

мүчөсү

6

Маматов Өмүрбек

мүчөсү

7

Матмуратов Эсенали Чотбаевич

мүчөсү

8

Турдукулов Алимкул

мүчөсү

9

Жапарова Айымбасар

мүчөсү

10

Мазаитов Абдимутали

мүчөсү

11

Жангиров Дурусбек

мүчөсү

12

Сами уулу Туратбек

мүчөсү

13

Абдуллаева Мухаббат

мүчөсү

14

Ахматов Расул

мүчөсү

15

Мурзакулов Хамзидин

мүчөсү

 

Ак-Татыр айыл аймагынын                                                                                                    айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:                               М.Өмүров

                                                                                                                                2-тиркеме   

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясынын №79 токтомуна тиркеме.

Ак-Татыр айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү  жыйынын өткөрүү боюнча чогулуштардын (жыйындардын)

  ГРАФИГИ

 

 

№

 

Өткөрүлүүчү орду

Убактысы

Калктын саны

Делегат тардын саны

Жооптуулар

Жылы, айы, күнү

сааты

 

1

 

Ак-Татыр  айылы

 

2026-жылдын

9-октябры

 

 

14:00

 

    4386

 

    27

Кулмурзаев Абдимажит, Амирбек уулу Алтынбек, Сами уулу Туратбек, Ахматов Расул, Мурзакулов Хамзидин

 

2

 

Үч-Дөбө айылы

 

2025-жылдын

13-октябры

 

 

10:00

 

    2702

 

    19

Матмуратов Эсенали, Турдукулов Алимкул, Абдуллаева Мухаббат

 

3

 

Рават  айылы

 

2025-жылдын

08-октябры

 

 

10:00

 

    2809

 

    19

Джапаров Нүрүдүн, Маматов Өмүрбек, Жангиров Дурусбек

 

4

 

Орто-Боз  айылы

 

2025-жылдын

12-октябры

 

 

10:00

 

    1187

 

    15

Жапарова Айымбасар, Мазаитов Абдимутали

 

 

Бардыгы:

 

 

    11084

 

   80

 

 

Ак-Татыр айыл аймагынын                                                                                                    айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:                                М.Өмүров