КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-августу №65/XX-29
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн кредиттик чегерүүлөрдү которуу
зарылчылыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 16-главасынын 78-беренесинин жана Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына отурумунун протоколунун негизинде, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.К. Бектемированын Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн кредиттик чегерүүлөрдү которуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кредиттик чегерүүлөрдү которуу жүргүзүлсүн:
- 70629 ТЖЧ бөлүмүнөн 2215 беренесинен - 24,0(жыйырма төрт миң) сом;
- 70629 ТЖЧ бөлүмүнө 2221 беренесине + 24,0 (жыйырма төрт миң) сом;
- 70911 Бала бакча бөлүмүнүн 2222 беренесинен – 22,0 (жыйырма эки миң) сом;
- 70911 Бала бакча бөлүмүнө 2221 беренесине +22,0 (жыйырма эки миң) сом.
2. Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/upload/acts/1792051079_92813000.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |