КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 26-октябры № 362
Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Калкты социалдык коргоо системасын өркүндөтүү, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, калкты социалдык коргоо системасынын мекемелерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- имараттарды жана курулмаларды сатып алууну, социалдык тейлөө мекемелерин күтүүнү, аларды материалдык-техникалык жабдууну, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштурууну ишинин негизги багыттары кылып аныктоо менен атайын эсептин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен каржылануучу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Социалдык инфраструктура" мамлекеттик ишканасын түзүүнү;
- бекитилген штаттык сандын жана бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүн реструктуризациялоону;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын чет өлкөлүк эмгек жумушчу күчү бөлүгүндө миграциялык контролдоо функцияларын ага берүү жолу менен ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен тиешелүү ыйгарым укуктарды чектөө боюнча чараларды көрүүнү;
2) үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген ыйгарым укуктардын чегинде ушул Жарлыкты ишке ашырууга көмөк көрсөтсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 81 (3841) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |