Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-августу №66/XX-29
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин
киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13 беренесине, 78-беренесинин 3-пунктуна жана 115 беренесине ылайык, Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына отурумунун протоколунун негизинде, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.К. Бектемированын “Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги эсебинин киреше бөлүгүнүн салыктын төмөнкү түрлөрү боюнча 11 000,0 (он бир миллион) сомго көбөйсүн:
- 11111100 «Жалданган жумушчунун кирешесинен которуучу салыгы» 10 000,0 (он миллион)сом;
- 11122100 «Милдеттүү патент негизинде салык» 1 000,0 (бир миллион) сом.
2. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги эсебинин чыгаша бөлүгүнүн төмөнкү бөлүмдөр боюнча 11 000,0 (он бир миллион) сомго көбөйтүү:
Бөлүм 70111 «Аппарат» »
- 2222 беренесине “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу 100,0 миң сомго;
- 3112 беренесине “Машиналар жана камсыз кылуулар” (Эмеректерди, компьютерлерди алууга) – 2 085,0 миң сомго;
Бөлүм 70629 «ТЖКЧ»
- 2215 беренесине «Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу» 1 600,0 миң сомго;
- 2222 беренесине «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу» 200,0 миң сомго;
- 3111 беренесине «Имараттар жана курулуштар» 6 350,0 миң сомго;
- 3112 беренесине «Машиналар жана камсыз кылуулар» (Эмеректерди, компьютерлерди алууга – 180,0 миң сомго;
Бөлүм 70911 «Билим берүү»:
- 2222 беренесине «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу» 200,0 миң сомго;
- 3112 беренесине «Машиналар жана камсыз кылуулар» (контейнер алууга) – 170,0 миң сомго;
Бөлүм 71092 «Бала бакча».
- 2222 – беренесине «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу» 50,0 миң сомго;
- 3112 беренесине «Машиналар жана камсыз кылуулар» (принтер алууга) – 65,0 миң сомго;
3. Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/upload/acts/1792051079_92813000.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |