Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-августу №67/XX-29
Адистештирилген техника дөңгөлөктүү экскаваторду
баланска алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.К.Бектемированын “Адистештирилген техника дөңгөлөктүү экскаваторду баланска алуу тууралуу” маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Маркасы XGMA 8075WS, заводдук номери (VIN):CXG08075YTIWI6292, 2026-жылы чыгарылган , номиналдык баасы 3 405 000 (үч миллион төрт жүз беш миң сом) болгон адистештирилген техника дөңгөлөктүү экскаватор Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/upload/acts/1792051079_92813000.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |