КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-августу №68/XX-29
№ 331 «Кант-Хунчи-Бирдик» маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү
ташуу тарифин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-бересининин 2-бөлүгүнүн 11-1-пунктуна ылайык, Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, “Каниет” жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусун жана жүргүнчүлөрдү ташуунун өздүк наркынын эсептерин карап чыгып жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. №331 “Кант –Хунчи-Бирдик” маршруту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн прейскурант бекитилсин:
- Кант – Бирдик – 40 сом;
- Кант – Бирдик (окуучулар үчүн) – 25 сом.
2. Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/upload/acts/1792051079_92813000.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |