КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-августу №70/XX-29
Кочкорбаев айылдык аймагына караштуу участкалык шайлоо
комиссияларына резервге талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кочкорбаев айылдык кенеши кезексиз сессиясында Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык эмгек жамааттарынан, граждандык топтордон көрсөтүлүп келген резервге талапкерлердин тизмесин карап жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагына караштуу №7107, №7108, №7109, № 7408, №7128 шайлоо участкаларынын резервинин тизмеси бекитилсин (тизмелер тиркелет).
2. Жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлерди комиссияга киргизип, түзүп бекитүү жагы Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтомду мыйзамда белгиленген тартипте жарыялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин социалдык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/upload/acts/1792468615_71390400.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |