КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-августу №71/XX-29
“Chevrolet Captiva” маркасындагы кызматтык автоунааны
муниципалдык менчикке алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кочкорбаев айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.К.Бектемированын “Chevrolet Captiva” маркасындагы кызматтык автоунааны муниципалдык менчикке алуу тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Chevrolet Captiva” маркасындагы, идентификациялык номери (VIN) IZWADAGA4PB04340, 2023-жылы чыгарылган, каттоо номери 08KG 235 AD болгон жеңил автоунаа Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Ушул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыяланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/upload/acts/1792468615_71390400.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |