КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-октябры № 685
Адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жараткан, жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузууларды четтетүү, ошондой эле «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомунун экономикалык ишин улантуу максатында, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 651-статьясына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 7 «Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоонун тартибинин 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18-беренелерине ылайык:
2026-жылдын 24-октябрынан тартып 2027-жылдын 19-январына чейинки мезгилге Кутманов Эрмек Осмонович «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомунун убактылуу сырткы башкаруучусу болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |