КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 21-октябры № 674
Кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйлансын:
Гапаров Иса Миталипович
| – | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси;
|
Жакыпбекова Гулнура Аманбековна
| – | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерди даярдоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Ишенмолдоев Элдияр Шаршенбаевич
| – | «Арай-Дан» тегирмен ишканасынын жетекчиси, Ысык-Көл облусунун Түп району;
|
Касымова Нургуль Асанкуловна
| – | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кемин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси;
|
Качибеков Уланбек Байтилешович
| – | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун кант кызылчасын селекциялоо жана үрөнчүлүк бөлүмүнүн башчысы;
|
Молдокулов Канатбек Джакшымбекович
| – | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы «Кыргызмамасылтукумзаводу» мамлекеттик ишканасынын «М.Н. Лущихин» атындагы мамлекеттик асыл тукум завод филиалынын башчысы;
|
Садыков Бакытбек Шерипович
| – | Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси. |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |