Редакцияот 21.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 

2026-жылдын 21-октябры № 353

 

 

Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоо жана колдоо деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. 2027-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ар айлык социалдык жөлөкпулдардын жана кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык;

2) "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясынын "в" пунктунда каралган мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 12300 сом өлчөмүндө;

3) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган Чернобыль АЭСиндеги жана башка жарандык же аскердик багыттагы атомдук объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышкандардын пенсияларына ар айлык компенсациялык төлөмдөр 1000 сом өлчөмүндө;

4) "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелердин пенсияларына үстөк 5000 сом өлчөмүндө;

5) Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) 2027-жылдын 1-январынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн көбөйтүүнүн эсебинен төмөнкүлөргө пенсиянын өлчөмдөрүн жогорулатсын:

- I топтогу майыптыгы боюнча пенсия алуучуларга - 9500 сомго чейин;

- III топтогу майыптыгы боюнча пенсия алуучуларга - 5000 сомго чейин;

2) ушул Жарлыктын 1-пунктунда жана ушул пункттун 1-пунктчасында каралган ар айлык социалдык жөлөкпулдарды, кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдарды, пенсияларды, ар айлык компенсацияларды жана пенсияларга үстөктөрдү, жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөөнү жүргүзсүн;

3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 132 "Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме

Ар айлык социалдык жөлөкпулдардын жана кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү

№

Социалдык төлөмдөрдүн түрлөрү

Социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү (сом менен)

1. Ар айлык социалдык жөлөкпул

1

ВИЧ же СПИД менен ооруган энелерден төрөлгөн балдар

11000

2

Майыптыгы бар балдар

11000

3

Ата-энесинин биринен айрылган балдар

5000

4

Ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдар

8000

5

I топтогу бала кезинен майыптыгы бар адамдар

11000

6

II топтогу бала кезинен майыптыгы бар адамдар

9600

7

III топтогу бала кезинен майыптыгы бар адамдар

8400

8

I топтогу майыптыгы бар адамдар

8500

9

II топтогу майыптыгы бар адамдар

6000

10

III топтогу майыптыгы бар адамдар

5000

11

Баатыр энелер

5000

12

Улгайган жарандар

3000

13

Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдар

8000

2. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул

14

2021-жылдын 28-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар

6500

15

2002-жылдын 17-18-мартында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болгон окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар

5500

16

2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар

5500

 

 

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү

№

Компенсацияга укуктуу жарандардын категориялары

Айына акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү (сом менен)

1

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары

11000

2

Концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундары

11000

3

"За оборону Ленинграда" медалы жана/же "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар

11000

4

Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринде жаракат алган майыптыгы бар аскер кызматчылары

11000

5

СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жарадар болуунун, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчылары

11000

6

Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары

9000

7

Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптыгы бар адамдар жана нурлануу оорусуна чалдыккан жана жабыркаган адамдар

11000

8

1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар

4500

9

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана/же медалдары менен сыйланган, майыптуулук тобу бар адамдар

3000

10

Социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча саясий жана (же) диний ынанымдары үчүн репрессиялардын натыйжасында жабыр тарткан реабилитацияланган жарандар

2500

11

1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар

3000

12

Чернобыль АЭСиндеги авариянын натыйжасында курман болгондордун, нурлануу оорусунун кесепетинен каза болгондордун жана каза болгон майыптардын үй-бүлөлөрү

2500

13

Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен радиацияга дуушар болгон ата-энелердеги генетикалык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен тубаса оорулары же өнүгүүсүнүн аномалиялары бар биринчи жана кийинки эки муундун балдары

2500

14

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптуулук тобу жок адамдар

2000

15

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү

2500

16

Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү

2500

17

Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде жарадар болуунун, жаракат алуунун, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү

2000

18

Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери)

2500

19

Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери)

2500

20

"Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар

2000

21

Бала кезинен көрүүсү (I жана II топтогу) жана угуусу боюнча (тубаса дүлөй, дүлөй-дудук адамдар) майыптыгы бар адамдар

2000

22

1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары

2000