КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-октябры № 750-VIII
«2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыска
мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 25-сентябрындагы чыг. № 15-11875) «2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 22-октябрында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8355 расмий сайтында жарыяланды
Төрага |
| М.А. Маматалиев |