Редакцияот 02.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 2-октябры № 340

 

Кыргыз Республикасынын суу коопсуздугун камсыз кылуу, ирригация системаларын жакшыртуу боюнча маселени оперативдүү чечүү, Чүй өрөөнүнүн суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана чыпкалоого суунун жоготууларын кыскартуу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда эсептик чыгымы 145 м3/с болгон Айланма Чүй каналы–2 (лот 2) куруу үчүн берүүчүнү белгиленген тартипте аныктасын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров