Редакцияот 16.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

 

КАБИНЕТ МИНИСТРОВ

КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын актуалдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 90-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

– 27-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасынын

биринчи орун басары Д.Дж. Амангельдиев