РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 303 (Автомобиль жолдорун жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн заказчыларын жана берүүчүлөрүн (подрядчыларын) аныктоо тууралуу) тескемеси

Редакцияот 16.09.2025
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 16-сентябры № 303

Автомобиль жолдорун жана тротуарларды капиталдык оңдоо маселелерин оперативдүү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте Бишкек шаарынын төмөнкү көчөлөрүндө автомобиль жолдорун жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн заказчыларын жана берүүчүлөрүн (подрядчыларын) аныктасын:

- Достоевский көчөсү Шабдан Баатыр проспектинен Путепроводная көчөсүнө чейин;

- Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын жанындагы Безымянная көчөсүнө чыгыш тарабынан кирүү жолу;

- Менделеев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Путепроводная көчөсүнө чейин;

- Адыгине көчөсү Курултай көчөсүнөн Орто көчөсүнө чейин;

- Восточная көчөсү № 2/1 үйдөн Мостовая көчөсүнө чейин;

- Самойленко көчөсү Ы.Абдырахманов көчөсүнөн Гаражная көчөсүнө чейин;

- Гаражная көчөсү Самойленко көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектине чейин;

- Мостовая көчөсү Ч.Айтматов проспектинен Самойленко көчөсүнө чейин;

- Кожомкулов көчөсү Самойленко көчөсүнөн 7-көчөгө чейин;

- Парк көчөсү Ы.Абдырахманов көчөсүнөн Кожомкулов көчөсүнө чейин;

- Азия көчөсү Магистраль көчөсүнөн Ы.Абдырахманов көчөсүнө чейин;

- Боз-Бөлтөк көчөсү Магистраль көчөсүнөн Ы.Абдырахманов көчөсүнө чейин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров