КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-сентября № 749-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. 2026-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстүнкү суу төкмөсүн куруу» долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-сентябрындагы № 749-т тескемеси менен жактырылган |
2026-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстүнкү суу төкмөсүн куруу" долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2026-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстүнкү суу төкмөсүн куруу" долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 11-14-пункттарына ылайык Макулдашуу милдеттүү түрдө ратификацияланууга тийиш. Ушуга байланыштуу Макулдашууга кол коюлганга чейин ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттер (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 2025-жылдын 26-майындагы, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин 2025-жылдын 3-июнундагы, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 2025-жылдын 9-июнундагы чечимдери) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июнундагы № 416-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашууга 2026-жылдын 16-июлунда "Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстүнкү суу төкмөсүн куруу" долбоорун (мындан ары - Долбоор) 50,0 млн. (элүү миллион) АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо максатында кол коюлган.
Долбоор суу төкмө курулмаларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен Камбар-Ата-2 ГЭСинин плотинасын жана курулмаларын коопсуз жана натыйжалуу эксплуатациялоону камсыз кылууга багытталган.
Долбоор төмөнкүдөй компоненттерди камтыйт:
1) 1-компонент. Камбар-Ата-2 ГЭСинин кошумча үстүнкү суу төкмөсүн куруу:
- үстүнкү суу төкмөнү куруу-монтаждоо иштери жана пайдаланууга берүү;
- автордук көзөмөл боюнча консультанттын жана Долбоордун ишке ашырылышын көзөмөлдөө боюнча инженер-консультанттын кызмат көрсөтүүлөрү;
- кошумча инженердик-геологиялык иликтөө жана изилдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
2) 2-компонент. Долбоорду башкаруу. Институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү: Макулдашуунун шарттарына ылайык Долбоорду ишке ашыруу боюнча иштердин аткарылышын күн сайын координациялоодо жана мониторинг жүргүзүүдө Долбоорду ишке ашыруу тобунун иштешин жана колдоону камсыз кылуу. Институционалдык өнүктүрүү жана энергетика секторунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу.
Долбоордун жалпы суммасы 50,0 млн. (элүү миллион) АКШ долларын түзөт. Кредитти 20 жылдык мөөнөткө, анын ичинде беш жылдык жеңилдетилген мезгилге сунушталат.
Пайыздык ставка жылдык 1 пайызды түзөт. Баштапкы бир жолку комиссия 0,5 пайызды түзөт. Каражаттарды резервдөө үчүн комиссия колдонулбайт.
Тартылган кредиттик каражаттар белгиленген тартипте "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна рекредиттелген, ушуга байланыштуу Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт. Үстүнкү суу төкмөнү куруу экономикалык пайда алып келбейт, бирок авариялардын келип чыгуу ыктымалдыгын минималдаштырып жана эл аралык ченемдердин сакталышын камсыз кылып, гидротүйүндү ишенимдүү жана коопсуз эксплуатациялоо үчүн шарттарды түзөт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.