Редакцияот 17.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ

ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН БУЙРУГУ

 

2026-жылдын 17-сентябры № 13-21-14

Кыргыз Республикасынын

«6-КРАЭ. I бөлүк. Коммерциялык аба транспорту.

Учактар. Аба кемелерин эксплуатациялоо» Авиациялык эрежелерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 6-тиркемесинин (I бөлүк) №51-түзөтүүсүнүн кабыл алынгандыгына байланыштуу, ошондой эле ИКАОнун протоколдук маселелери боюнча оңдоо чараларынын планын ишке ашыруу, улуттук авиациялык тутумду чыңдоо, анын ачыктыгын, ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргыз Республикасында учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы №3 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «6-КРАЭ. I бөлүм. Коммерциялык аба транспорту. Учактар. Аба кемелерин пайдалануу» Авиациялык эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) «Кыскартуулар» деген 1-параграфтан «RNAV – аянттык навигация» деген кыскартуу алынып салынсын жана төмөнкү кыскартуу менен толукталсын «HEA – бийиктикте жайгашкан аэродром»;

2) 1-бөлүм «Аныктамалар» төмөнкү мазмундагы аныктама менен толукталсын:

«Мыйзамсыз кийлигишүү актылары – жарандык авиациянын коопсуздугуна коркунуч жараткан актылар же мындай актыларды жасоого аракеттер болуп саналат, алар төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:

а) аба кемесин мыйзамсыз басып алуу;

б) эксплуатациядагы турган (колдонуудагы) аба кемесин жок кылуу;

в) аба кемесинин бортунда же аэродромдордо барымтага алуу;

г) аба кемесинин бортуна, аэропортко же аэронавигациялык каражаттын же кызматтын жайгашкан жерине күч колдонуу менен кирүү;

д) аба кемесинин бортунда же аэропортто кылмыштуу максаттар үчүн арналган куралды, коркунучтуу түзүлүштү же материалды жайгаштыруу;

е) эксплуатацияда турган аба кемесин адам өлүмүнө, олуттуу жаракат алууга же мүлккө же айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирүүгө алып келүүчү максатта пайдалануу;

ж) учуудагы же жердеги аба кемесинин, жүргүнчүлөрдүн, экипаж мүчөлөрүнүн, жердеги персоналдын же аэропорттогу коомчулуктун, ошондой эле жарандык авиация каражатынын же кызматынын коопсуздугуна коркунуч келтирген жалган маалымат берүү.»;

3) «Зоналык навигация (RNAV)» деген аныктама төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Аймактык навигация – аба кемелерине жер үстүндөгү же спутниктик навигациялык каражаттардын иштөө аймагында же автономдуу каражаттардын мүмкүнчүлүктөрү менен аныкталган чектерде, же алардын айкалышынын негизинде каалаган учуу траекториясы боюнча учууга мүмкүндүк берүүчү навигация ыкмасы.»;

4) «макулдашуунун кыскача жыйынтыгы» деген аныктама «Конвенциянын 83-bis-беренесине» деген сөздөргө чейин төмөнкү сөздөр менен толукталсын «Эл аралык жарандык авиация жөнүндө»;

5) «Өндүрүмдүүлүккө негизделген навигация (PBN)» деген аныктама төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Мүнөздөмөлөргө негизделген навигация (PBN) – аба тейлөө каттамдары боюнча, аспаптар менен конуу схемасы боюнча же белгиленген аба мейкиндигинде учкан аба кемелерине коюлган мүнөздөмөлөр боюнча талаптарга негизделген аймактык навигация.

Эскертүү: Мүнөздөмөлөргө коюлган талаптар навигациялык спецификацияларда (RNAV спецификациясы, RNP спецификациясы) тактык, бүтүндүк, үзгүлтүксүздүк жана белгилүү бир аба мейкиндигинин концепциясынын алкагында пландаштырылган учууну аткаруу үчүн зарыл болгон функционалдык мүмкүнчүлүктөр түрүндө аныкталат. Глобалдык спутниктик навигациялык тутумдун жана/же башка аэронавигациялык каражаттардын инфраструктурасынын мейкиндиктеги сигналынын жеткиликтүүлүгү навигацияны колдонууга мүмкүндүк берүү үчүн аба мейкиндигинин концепциясынын алкагында каралат.»;

6) «Зоналык навигациянын спецификациясы (RNAV)» деген аныктаманын аталышы төмөнкүдөй өзгөртүлсүн: «RNAV спецификациясы»;

7) «Жарандык авиация башкармалыгы» деген аныктама төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жарандык авиация башкармалыгы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген, жарандык авиация тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, жөнгө салууну жана көзөмөлдү жүргүзгөн мамлекеттик орган. Кыргыз Республикасында жарандык авиация башкармалыгы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги саналат.»;

8) «Кооптуу жүктөр» аныктамасынан «3-бөлүмүндө» деген сөздөр алып салынсын;

9) «Прибордук метеорологиялык шарттар (ПМУ)» аныктамасынын экинчи абзацынан «нин 3.9.1-пунктунда» деген сөздөр алып салынсын;

10) «Аба кемесинин учуу эксплуатациясы боюнча колдонмо» деген аныктамасынан «Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан кабыл алынган» деген сөздөр алынып салынсын;

11) «Колдонуу» деген 2-бөлүмдүн 2-пунктунда «өзгөртүү №49 кошулган» деген сөздөр төмөнкүдөй алмаштырылсын «№48, 49 жана 51-түзөтүүлөрдү камтыган»;

12) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Аба кемелеринин эксплуатанттын тастыктамасын берүү, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү, анын колдонулушун токтото туруу же жокко чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эксплуатациялоочуларынын ишмердүүлүгүн, анын иченде эксплуатациалык чектөөлөрду киргизүү, аракетин токтотуу, жараксыз деп табуу жана кайра кабылына келтирүү тартибин, ошондой эле аба кемелеринин эксплуатациалык мүнөздөмөлөрүнө чектөөлөрду жана/же өзгөртүлөрдү киргизүү тартибин жөнгө салуучу нускама менен белгиленет. Бул тартип эксплуатациялоочунун тастыктамасынын колдонулушуна чектөөлөрдү киргизүү, анын колдонулушун токтотуу, жокко чыгаруу жана кайра калыбына келтирүү, ошондой эле аба кемесинин эксплуатациялык спецификацияларына чектөөлөрдү жана/же өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жоболорун камтыйт.»;

13) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленген талаптарды аткаруудан аба кемелеринин эксплуатанттарына тиешелүү бошотууларды сунуштоо жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин белгиленген талаптарын аткаруудан бекитүүлөрдү жана бошотууларды берүүнүн тартиби жөнүндө нускамасына ылайык аныкталат.»;

14) 9-пунктта «камсыз кылуу үчүн чараларды көрөт» деген сөздөр «камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

15) 10-пунктта «чараларды көрөт» деген сөздөр «чараларды көрүүгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

16) 15 жана 16-пункттарда «чараларды көрүшөт» деген сөздөр «чараларды көрүүгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

17) 21-пунктта «иштеп чыгууга жана колдоого милдеттүү» деген сөздөр «иштеп чыгууга жана колдоого тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

18) 22-пунктта «кабыл алат жана аткарат» деген сөздөр «кабыл алууга жана аткарууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

19) 23-пункттан төмөнкү сүйлөм алып салынсын: «Контракттык уюм Жарандык авиация органы тарабынан бекитилүүгө керек.»;

20) 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2028-жылдын 22-ноябрына чейин учуу маалыматтарын талдоо программасы КРАЭ-19 ылайык мындай маалыматтардын булагын (булактарын) коргоо боюнча тиешелүү кепилдиктерди камтууга тийиш.»;

21) Төмөнкү мазмундагы 24.1-пункт менен толукталсын:

«2028-жылдын 23-ноябрынан тартып учуу маалыматтарын талдоо программасы учуулардын коопсуздугу жөнүндө маалыматтардын жана учуулардын коопсуздугуна байланыштуу маалыматтардын ачыкка чыгарылышынан жана пайдаланылышынан коргоо чараларын, ошондой эле КРАЭ-19 ылайык тиешелүү адамдарды жана уюмдарды коргоо чараларын камтууга тийиш.»;

22) 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2028-жылдын 22-ноябрына чейин КРАЭ-13 боюнча кырсыкты же окуяны иликтөөдөн башка максаттарда CVR, CARS, AIR классындагы А жана AIRS классындагы жазуулары же алардын чечмеленген материалдары колдонулушуна тыюу салынат, эгерде мындай жазуулар же чечмеленүүлөр:

а) учуу коопсуздугуна байланыштуу окуяга тиешелүү болсо жана коопсуздук башкаруу системасынын алкагында аныкталган болсо; маалыматтардын идентификациясы жок берилсе жана КРАЭ-19 каралган коргоо чаралары колдонулса;

б) кырсыкты же окуяны иликтөө менен байланышкан окуяга тиешеси жок кылмыш иштеринде колдонуу үчүн талап кылынган жана КРАЭ-19 каралган коргоо чаралары колдонулса; же

в) 7-тиркеменин 7-бөлүмүндө каралганучуу каралган борттук учуу маалыматтарын каттоо системаларын текшерүү үчүн пайдаланылса.

Эскертүү. Учуулардын коопсуздугун сактоо же жакшыртуу максатында чогултулган коопсуздук маалыматтарын жана учуулардын коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле тиешелүү булактарды коргоого байланыштуу жоболор КРАЭ-19да камтылган. КРАЭ-13кө ылайык иликтөө жүргүзүүдө, иликтөөнүн жазуулары КРАЭ-13тө каралган коргоого алынат.»;

23) 26-пунктта «Жарандык авиация башкармалыгы» жана «уруксат бербейт» деген сөздөр: «2028-жылдын 22-ноябрына чейин» жана «тыюу салынат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

24) 27- пункттагы өзгөртүү расмий тилдеги текстке гана тиешелүү;

25) 29-пунктта «камсыз кылууга милдеттүү» деген сөздөр «камсыз кылууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

26) 30-пунктта «турушу керек» деген сөздөр «турууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

27) 31-пунктта «көзөмөлдөп турат» деген сөз «көзөмөлдөөгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

28) 32-пункттагы өзгөртүү расмий тилдеги текстке гана тиешелүү;

29) 33-пункттагы өзгөртүү расмий тилдеги текстке гана тиешелүү;

30) Бешинчи параграфтан кийин төмөнкү мазмундагы 5.1 параграф менен толукталсын:

«§ 5.1 Жазууларды жана чечмеленген көчүрмөлөрдү коргоо (2028-жылдын 23-ноябрынан тартып колдонулат)

33.1 CVR, CARS, А класстагы AIR жана А класстагы AIRS борттук үн жазгычтарынын жазууларын же чечмеленген көчүрмөлөрүн төмөнкү учурлардан тышкары пайдаланууга тыюу салынат:

а) КРАЭ-13 ылайык жүргүзүлүп жаткан авиациялык кырсыкты же инцидентти иликтөө үчүн пайдаланылса;

б) учуулардын коопсуздугуна байланыштуу жана учуулардын коопсуздугун башкаруу тутумунун алкагында аныкталган окуяны баалоо үчүн пайдаланылса. Мындай учурда пайдалануу жазуунун аты-жөнү көрсөтүлбөгөн тиешелүү бөлүктөрү менен гана чектелет жана КРАЭ-19 каралган коргоого алынат;

в) КРАЭ-13 ылайык жүргүзүлүп жаткан авиациялык кырсыкты же инцидентти иликтөөгө байланышпаган кылмыш ишинде пайдалануу үчүн суралса. Мындай учурда пайдалануу расмий кепилдиктердин негизинде ачылган тиешелүү бөлүктөр менен гана чектелет;

г) 7-тиркеменин 7-бөлүмүндө каралган борттук учуу маалыматтарын каттоо системаларын текшерүү үчүн пайдаланылса.

Эскертүү 1. КРАЭ-13 ылайык иликтөө жүргүзүүдө авиациялык кырсыкка жана иликтөөгө байланыштуу жазууларга, анын ичинде CVR, CARS, А класстагы AIR жана А класстагы AIRS маалыматтарынын жазууларына жана чечмеленген көчүрмөлөрүнө берилүүчү коргоо КРАЭ 13 ылайык аныкталат. Учуулардын коопсуздугун сактоо же жакшыртуу максатында чогултулган коопсуздук маалыматтарын жана учуулардын коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле тиешелүү булактарды коргоого байланыштуу жоболор КРАЭ 19 камтылган.

Эскертүү 2. Расмий кепилдиктерге укуктук чектөөлөр, анын ичинде соттун коргоо буйруктары, жабык соттук териштирүүлөр, купуя соттон тышкаркы жыйындар жана кылмыш ишин кароодо учуулардын коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды пайдалануу же ачыкка чыгаруу үчүн маалыматтарды аты-жөнүн көрсөтпөстөн берүү кирет.

33.2 FDR, ADRS, ошондой эле В жана С класстагы AIR жана AIRS борттук жазгычтарынын жазууларын төмөнкү учурлардан тышкары пайдаланууга тыюу салынат:

а) КРАЭ-13 ылайык жүргүзүлүп жаткан авиациялык кырсыкты же инцидентти иликтөө үчүн пайдаланылса;

б) эксплуатант тарабынан учууга жарактуулукту камсыз кылуу же техникалык тейлөө максатында пайдаланылса;

в) эксплуатант тарабынан ушул Эрежелерге ылайык талап кылынган учуу маалыматтарын талдоо программасын аткарууда пайдаланылса;

г) авиациялык кырсыкты же инцидентти иликтөөгө байланышпаган ишти кароо үчүн суралса.

Эскертүү. Учуулардын коопсуздугун сактоо же жакшыртуу максатында чогултулган коопсуздук маалыматтарын жана учуулардын коопсуздугу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле тиешелүү булактарды коргоого байланыштуу жоболор КРАЭ 19 камтылган.»;

31) 34-пунктта «чара көрөт» деген сөздөр «чараларды көрүүгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

32) 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эксплуатант пландаштырылган учуунун башталышына же улантылышына жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө тийиш, эгерде ал негиздүү маалыматтардын негизинде учуу маршруту өтүүчү аба мейкиндиги, анын ичинде учуп чыгуу, баруу жана кошумча аэродромдор пландаштырылган учууну аткаруу үчүн коопсуз пайдаланылышы мүмкүн экендигине ынанбаса. Эгерде учуу жаңжалдуу аймактардын үстүнөн же аларга түздөн-түз жакын жерде аткарылса, эксплуатант тобокелдикти баалоого жана учуунун коопсуздугу үчүн тобокелдикти азайтуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.»;

33) 36-пунктта «камсыз кылат» деген сөздөр «камсыз кылууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

34) 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эксплуатант пайдаланылуучу аэродромдор жана алардын каражаттары, аларды пайдалануунун жарыяланган шарттарына ылайык, аба ырайынын шарттарына карабастан, жарыяланган жумуш сааттарынын ичинде учууларды камсыз кылуу үчүн туруктуу жарактуу абалда кармалышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.»;

35) 38-пунктта «деңгээлин баалайт» деген сөздөр «деңгээлин баалоого тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

36) 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эксплуатант Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан берилген жарактуу аба эксплуатанттын күбөлүгү (ЭС) жок коммерциялык аба ташууларды аткарууга тыюу салынат.»;

37) 42-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эскертүү. Ушул Эрежелердин 11-тиркемеси аба эксплуатанттын күбөлүгүн берүү боюнча көрсөтмө материалдарды камтыйт.»;

38) 43-пунктта «иштеп чыгууга милдеттүү» деген сөздөр:«иштеп чыгууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

39) 46-пунктта «Кошумча талаптар» деген сөздөрдүн алдында: «Эскертүү.» деген сөз кошулсун;

40) 51-пунктта «сактоого жана аткарууга милдеттүү» деген сөздөр: «сактоого жана аткарууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

41) 52-пунктта «камсыз кылууга милдеттүү» деген сөздөр: «камсыз кылууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

42) 53-пунктта «берет» деген сөз «берүүгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

43) 54-пунктта «камсыз кылууга милдеттүү» деген сөздөр «камсыз кылууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

44) 56-пункттагы өзгөртүү расмий тилдеги текстке гана тиешелүү;

45) 58-пунктта «колдонулат» деген сөз: «колдонулууга тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

46) 60-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эксплуатант мамлекет тарабынан белгиленбеген же учууларды камсыз кылуу үчүн жооптуу мамлекет тарабынан аныкталбаган каттамдар боюнча аткарылуучу учуулар үчүн минималдуу абсолюттук бийиктиктерди аныктоо ыкмасын көрсөтүүгө жана бул ыкманы учууларды өндүрүү боюнча колдонмого киргизүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмага ылайык аныкталган минималдуу абсолюттук учуу бийиктиктери КРАЭ 2 көрсөтүлгөн маанилерден төмөн болууга тийиш эмес.»;

47) 63-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жарандык авиация башкармалыгы эксплуатациялык уюмдан учууларды аткаруу үчүн пайдаланылуучу ар бир аэродром боюнча эксплуатациялык минимумдарды белгилөөнү талап кылат жана мындай минимумдарды аныктоо ыкмаларын бекитет. Мындай минимумдар, ошол мамлекеттин атайын макулдугу алынган учурлардан тышкары тиешелүү аэродромдун мамлекети тарабынан белгилениши мүмкүн болгон минимумдардан төмөн болбоого тийиш.

Эскертүү: Бул талап аэродром жайгашкан мамлекеттен аэродромдун эксплуатациялык минимумдарын белгилөөнү талап кылбайт.»;

48) 64-пункттагы өзгөртүү расмий тилдеги текстке гана тиешелүү;

49) 77-пунктта «белгилейт» деген сөз «белгилөөгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

50) 78 жана 79-пункттарда «жүргүзөт» деген сөз «жүргүзүүгө тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

51) 82-пунктта «сактайт» деген сөз «сактоого тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

52) 84-пунктта «маалымдайт» деген сөз «маалымдоого тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

53) 101-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Ар бир запас аэродромдо конууга кирүүнүн жана конуунун мүмкүнчүлүгүн же мүмкүн эместигин аныктоодо учуулардын коопсуздугунун жетиштүү деңгээлин камсыз кылуу максатында, эксплуатант аэродромдун эксплуатант тарабынан белгиленген эксплуатациялык минимумдарына кошулуучу булуттардын төмөнкү чегинин бийиктигинин жана көрүү аралыгынын тиешелүү кошумча маанилерин белгилөөгө тийиш.»;

54) 148-пунктта «I том» деген сөздөр: «III том» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

55) 150-пунктта «эксплуатациялоочу төмөнкүдөй эрежелерди белгилеши керек:» деген сөздөр: «эксплуатант төмөнкүдөй эрежелерди белгилөөгө тийиш:» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

56) 151-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эскертүү. Учуу-конуу тилкесинин (ВПП) бетинин абалын баалоого, ВППнын абалынын кодун аныктоого жана ВППнын абалы жөнүндө билдирүү берүүгө коюлган талаптар КРАЭ-14 белгиленген.»;

57) 178-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- эксплуатанттан учуу убактысынын жана/же кызматтык учуу убактысынын жана кызматтык убакыттын максималдуу узактыгын, ошондой эле эс алуу убактысынын минималдуу узактыгын белгилөөнү талап кылат. Бул маанилер илимий принциптерге жана билимдерге негизделүүгө жана коопсуздукту камсыз кылуу процесстерин эске алууга тийиш;»;

58) 193-пунктта «тиешелүү мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы» деген сөздөр «аэродром мамлекети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

59) 201-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасында бир газ турбиналык кыймылдаткычы бар учактарды коммерциялык аба ташууларды аткаруу максатында эксплуатациялоого жол берилбейт.»;

60) 207-пункттагы өзгөртүү расмий тилдеги текстке гана тиешелүү;

61) 303-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2008-жылдын 1-июлунан кийин жекече учууга жарактуулук сертификаты биринчи жолу берилген жана бортунда 19дан ашуун жүргүнчүнү ташууга уруксат берилген бардык учактар төмөнкүдөй жабдуу менен камсыздалат:

- эгерде учакка 307-пункттун талаптарына ылайык келүү милдети коюлбаса – каалаган типтеги экинчи ELT же 307-пункттун талаптарына жооп берген түзүлүш орнотулат;

- эгерде учакка 307-пункттун талаптарына ылайык келүү милдети коюлса жана автоматтык ELT 307-пункттун талаптарына жооп бербесе – 307-пункттун талаптарына жооп берген түзүлүш орнотулат;

- эгерде учакка 307-пункттун талаптарына ылайык келүү милдети коюлса жана автоматтык ELT 307-пункттун талаптарына жооп берсе – каалаган типтеги экинчи ELT орнотулат.»;

62) 326-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Максималдуу тастыктамаланган учуп чыгуу массасы 5700 кгдан ашкан жана учууга жарактуулугу жөнүндө жеке күбөлүгү 2026-жылдын 1-январында же андан кийин биринчи жолу берилген бардык газ турбиналык кыймылдаткычтуу учактар учуу-конуу тилкесинен чыгып кетүү жөнүндө маалымдоо жана эскертүү тутуму (ROAAS) менен жабдылууга тийиш.

Эскертүү 1. ROAAS боюнча тиешелүү нускамалык материалдын үлгүсү EUROCAE ED-250 «Учуу-конуу тилкесинен чыгып кетүү жөнүндө маалымдоо жана эскертүү тутуму (ROAAS) үчүн минималдуу эксплуатациялык мүнөздөмөлөрдүн стандарттары (MOPS)» документинде камтылган.

Эскертүү 2. Эксплуатанттын ROAAS тутумун пайдаланууга карата талаптары PANS-OPS документинин III томунун 12-бөлүмүндө белгиленген.»;

63) 339-пункттагы «зарыл болгон учурда катталган мамлекет менен кеңешип» деген сөздөр алып салынсын;

64) 367-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Бардык модификациялар жана оңдоо иштери иштеп чыгуучу мамлекет тарабынан бекитилген жана Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан кабыл алынган учууга жарактуулук талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Жарандык авиация башкармалыгы модификацияларды жана оңдоо иштерин кароо, таануу, ошондой эле алардын колдонулуучу учууга жарактуулук талаптарына шайкештигин ырастаган маалыматтарды сактоо боюнча жол-жоболорду белгилейт.»;

65) 384-пункттун о) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«квалификацияны ырастоо жана тиешелүү квалификациялык белгинин колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн, эгерде бул колдонулуучу талаптарда каралган болсо, учуу тренажерун пайдалануу менен ырааттуу 12 айдын ичинде кеминде бир жолу квалификациялык текшерүүнү (LPC — Licence Proficiency Check) жүргүзүү;»;

66) 413-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Учуу боюнча колдонмо өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизүү аркылуу актуалдуу абалда сакталууга тийиш. Киргизилген бардык өзгөртүүлөр кароо жана макулдашуу үчүн милдеттүү түрдө Жарандык авиация башкармалыгына жөнөтүлүүгө тийиш.»;

67) 414-пункттун м) пунктчасында «каттоо мамлекетинин» деген сөздөр «Жарандык авиация башкармалыгын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

68) 442-пункттун а) пунктчасындагы «1–4-таблицасындагы» деген сөздөр алып салынсын, жана «талаптарга» деген сөз «талаптарына» деген сөз менен алмаштырылсын;

69) 446-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Учактын учуу боюнча колдонмосунда же учакты эксплуатациялоо боюнча башка көмөкчү документтерде иштеп чыгуучу мамлекет тарабынан бекитилген жана Жарандык авиация башкармалыгы менен макулдашылган жүк бөлүмүнүн (бөлүмдөрүнүн) өрткө каршы коргоо тутумунун элементтери жөнүндө маалымат, ошондой эле жүк бөлүмдөрүнүн өрткө каршы коргоосунун тастыктамалоо стандарттары боюнча кыскача маалымат камтылууга тийиш.»;

70) 448-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Аба кемелерин базалоо аэродромдун колдонуудагы жарактуулук сертификаты бар, ошондой эле базалануучу аба кемелеринин тибин жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен АПКР-14 талаптарына ылайык келген аэродромдо жүзөгө ашырылат.»;

71) 2-тиркеме 33-пункттан кийин төмөнкү мазмундагы 33.1-пункт менен толукталсын:

«Учуу-конуу тилкесинен чыгып кетүү жөнүндө маалымдоо жана эскертүү тутумун (ROAAS) пайдалануу боюнча принциптер, нускамалар, эрежелер жана окутууга коюлуучу талаптар.»;

72) 2-тиркеме 61-пункттан кийин төмөнкү мазмундагы 61.1-пункт менен толукталсын:

«ROAAS тутумун пайдаланууга тиешелүү маалымат, анын ичинде мындай тутумдар колдонулбаган учурларда.»;

73) 4-тиркеменин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасы эксплуатанттары тастыктамалоону жүргүзүүнү, алардын ишине туруктуу көзөмөлдү жүзөгө ашырууну жана Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан аныкталган учуулардын коопсуздугу жаатындагы кемчиликтерди жоюуну жөнгө салууга мүмкүндүк берген мыйзамдарды кабыл алат.»;

74) 5-тиркемедеги Эксплуатациялык спецификациялардын форматына карата Эскертүүнүн 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Учууларды аткарууга уруксат берилген райондордун тизмеси (географиялык координаттар же конкреттүү маршруттар, учуу маалымат райондорунун чектери, мамлекеттик чек аралар же региондордун чектери көрсөтүлөт), анын ичинде Жарандык авиация органы тарабынан так аныкталган аэродромдун бийиктигине байланыштуу бардык чектөөлөр (мисалы, бийиктикте жайгашкан аэродромдор (HEA)), ошондой эле атайын уруксат талап кылынган белгиленген аба мейкиндиги (мисалы, Түндүк Атлантика регионунун жогорку аба мейкиндиги (NAT HLA)) көрсөтүлөт. Уруксат берилген учуу райондору эксплуатациялык спецификацияларга тиркемелерде келтирилиши мүмкүн.»;

75) 7-тиркемедеги А7-1-таблицанын 38*-сабында «0,1 мбар (0,01 дюйм 0.01 дюйм Hg)» деген маани «0,1 мбар (0,03 дюйм Hg)» деген мааниге алмаштырылсын;

76) 7-тиркемедеги А7-3-таблицанын 8-сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

8

Тышкы статикалык

басым (же

басымдын

бийиктиги)

34,4 мбар

(1,22 дюйм

Hg) 310,2

мбар (9,16

дюйм Hg) же

жеткиликтүү

сенсор

диапазону

1

Орнотууга

жараша (±1

мбар (0,3 дюйм

Hg) же ±30 м

(±100 фут) үчүн

±210 м сунуш

кылынат.

(±700

фут)

0,3 мбар (0,01

дюйм Hg) же

1,5 м (5 фут)

 

77) 8-тиркемедеги «Кырсыкка учураган учактын ордун аныктоо боюнча нускама көрсөтмөлөр» деген аталыш төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Учуу аяктаган жерди так аныктоо боюнча нускамалык көрсөтмөлөр (6-бөлүмдүн §11, §28 жана §29-параграфтарына кошумча материал)»;

78) 8-тиркеменин «1. Кириш сөз» бөлүмүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Төмөндө келтирилген материал учуу аяктаган жерди аныктоо боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү камтыйт. Алар кырсыкка кабылган аба кемесинин жайгашкан ордун аныктоого байланыштуу көрсөтмөлөрдү (6-бөлүмдүн §29-параграфы), ошондой эле бул стандарттардын ELT авариялык радиомаяктары менен жабдуу (§28) жана борттук өзүн-өзү жазгычтардын маалыматтарын калыбына келтирүү (§11) боюнча стандарттар менен өз ара байланышы тууралуу кошумча маалыматтарды камтыйт. Учуу маалыматтарын демилгелүү берүү боюнча жумушчу топ (TTFDWG) акыркы белгилүү болгон аба кемесинин жайгашкан жери менен авиациялык кырсык болгон жердин ортосундагы аралыкты баалоо максатында 42 авиациялык кырсыкты талдап чыгат. Бул жумушчу топтун баяндамасына ылайык, авиациялык кырсыктардын болжол менен 95 пайызында аба кемесинин жайгашкан жери кырсыкка чейин бир мүнөт мурда белгилүү болгон жана кырсык болгон жер ошол жайгашкан жерден 6 деңиз милинен ашпаган радиуста жайгашкан. (TTFDWG баяндамасы «Публикациялар» бөлүмүндө төмөнкү даректе жеткиликтүү: https://www.bea.aero/en/).

Эскертүү. Ушул контекстте «учуу аяктаган жер» деп авиациялык кырсыктан кийинки аба кемесинин жайгашкан жери түшүнүлөт, ал эми белгиленген аэродромго же запас аэродромго коопсуз конгон жери эмес.»;

79) 8-тиркеменин «1. Кириш сөз» бөлүмүнүн 2-пункттан кийин төмөнкү мазмундагы 2.1-пункт менен толукталсын:

«Эгерде авиациялык кырсыкта аман калуу мүмкүнчүлүгү болсо, учуу аяктаган жерди мүмкүн болушунча так жана өз убагында аныктоо өзгөчө маанилүү. Мында кырсыкка чейинки аба кемесинин акыркы белгилүү болгон жайгашкан жерине гана таянуу жетишсиз болушу мүмкүн. Ошондуктан соккудан кийин дароо ELT автоматтык түрдө ишке кириши зарыл. Бул издөө-куткаруу (SAR) операцияларын өз убагында, натыйжалуу жана ыкчам баштоого, SAR бөлүктөрүн кырсык болгон чыныгы жерге багыттоого, аман калгандарды алардын тирүү калуу мөөнөтүнүн ичинде куткарууга жана издөө-куткаруу бөлүктөрүнүн өздөрү үчүн тобокелдикти азайтууга мүмкүндүк берет.

Эскертүү. Учуу аяктаган жерди ишенимдүү жана автоматтык түрдө так аныктоо каражаттары боюнча кошумча усулдук материал Doc 10165 «Аба кемелеринин кырсык жөнүндө глобалдык кабарлоо жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу системасы боюнча колдонмодо» берилген.»;

80) 8-тиркеменин «1. Кириш сөз» бөлүмүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жайгашкан жерди аныктоого мүмкүндүк берүүчү учуу маалыматы – бул убакыт белгисин камтыган жана аба кемесинин учуудагы жайгашкан жери жөнүндө маалыматты берүүчү иштеп жаткан борттук тутумдан же автоматтык же кол режими аркылуу иштетилүүчү тутумдан алынган маалымат. Бул талап белгилүү бир конкреттүү тутумга байланышкан эмес жана эксплуатациялык артыкчылыктарды да камсыз кылышы мүмкүн.»;

81) 8-тиркеменин «1. Кириш сөз» бөлүмүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Авариялык радиомаяк (ELT). ELT авиациялык кырсык учурунда, эгерде аман калуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, аба кемесинин жайгашкан жери жөнүндө маалымат берүү үчүн арналган. Айрым ELT түзүлүштөрү EUROCAE ED-237 «Учуудагы аба кемесинин кырсык абалын аныктоо критерийлери боюнча авиациялык системалардын минималдуу техникалык мүнөздөмөлөрүнө (MASPS)» ылайык көрсөтүлгөн шарттардын бири пайда болгондо автоматтык түрдө ишке кирүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушу мүмкүн. Эгерде ELT сууга чөгүп кетсе, анын сигналын кабыл алуу мүмкүн болбой калат.

Эскертүү. 6-бөлүмдүн §29-параграфынын талаптарына жооп берген авариялык байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү сөзсүз түрдө соккудан кийин автоматтык түрдө ишке кирүү функциясын же кырсыктан кийинки өзүн өзү багыттоо сигналын камтыбайт.»;

82) 8-тиркеменин «1. Кириш сөз» бөлүмүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Автоматтык түрдө бөлүнүп чыгуучу борттук өзүн-өзү жазгыч (ADFR). ADFR авиациялык кырсыктан кийин, өзгөчө суу үстүндө болгон кырсыктарда, борттук өзүн-өзү жазгычтагы маалыматтарды кыска убакыттын ичинде жеткиликтүү кылуу үчүн арналган. ADFR курамында ELT орнотулган, ал авиациялык кырсыктын болгон жерин иликтөө жана издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн аныктоого мүмкүндүк берет. Сууга чөкпөгөн түзүлүш болгондуктан, эгерде сыныктар сууга чөгүп кетсе, ELT сигналы аркылуу авиациялык кырсыктын ордун табууга жардам берет. ADFR аба кемесин автоматтык ELT менен жабдуу боюнча 6-бөлүмдүн §28-параграфынын талаптарын аткаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.»;

83) 8-тиркеменин «1. Кириш сөз» бөлүмүнүн 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

84) 8-тиркеменин «1. Кириш сөз» бөлүмүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Техниканын өнүгүшү менен жабдуу боюнча талаптарды ар кандай ыкмалар аркылуу аткаруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Төмөндө келтирилген Н-1 таблицасында учуу аяктаган жерди так аныктоо боюнча эң жогорку талаптарды сактоонун мисалдары жана аба кемесин жабдуунун мүмкүн болгон варианттары көрсөтүлгөн. Мындай заманбап жабдууларды пайдаланууда чыгымдар минималдаштырылат, ал эми азыркы учурда колдонулуп жаткан жабдууларга салыштырмалуу алардын натыйжалуулугу жогорулайт.»;

85) 8-тиркемедеги Н-1-таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

Н-1-таблица. Талаптардын аткарылышын камсыз кылуунун мисалдары

 

Келишим түзүүчү

мамлекетке

сунушталган типтик

тастыктаманын

колдонулуу датасы

Айрым аба кемесине

учууга жарактуулугу

жөнүндө биринчи

күбөлүктүн берилген

датасы

6-бөлүмдүн §11, §28 жана §29-

параграфтарынын талаптарына ылайык

келүүнү камсыз кылуу үчүн аба кемесин

жабдуунун

мисалдары

2021-жылдын 1-

январына чейин

2024-жылдын 1-

январына чейин

Эки ELT, алардын бири сөзсүз түрдө

автоматтык ELT болууга тийиш.

2021-жылдын 1-

январына чейин

2024-жылдын 1-

январында же андан

кийин

6-бөлүмдүн §29-параграфынын

талаптарына жооп берген бир түзүлүш

жана бир автоматтык ELT; же 6-

бөлүмдүн §29-параграфынын

талаптарына жооп берген жана

автоматтык ELT функцияларын

камтыган бир түзүлүш жана кошумча

бир ELT.

2021-жылдын 1-

январында же андан кийин

2024-жылдын 1-

январына чейин

Автоматтык ELT менен

интеграцияланган автоматтык түрдө

бөлүнүп чыгуучу ADFR жана кошумча

бир автоматтык ELT.

2021-жылдын 1-январында же

андан кийин

2024-жылдын 1-

январында же андан

кийин

6-бөлүмдүн §29-параграфынын

талаптарына жооп берген жана

автоматтык ELT функцияларын

камтыган бир түзүлүш, кошумча бир

ELT жана 6-бөлүмдүн §11-

параграфынын талаптарына жооп берүү

мүмкүнчүлүгү; же автоматтык ELT

менен

86) 8-тиркеменин «1. Кириш сөз» бөлүмүнүн 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

87) 10-тиркемедеги «83 bis-беренесинде каралган макулдашуунун кыскача баяндамасы» аттуу таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

83 bis-беренесине ылайык келишимдин кыскача сүрөттөлүшү

Келишимдин аталышы:

 

Катталган мамлекет:

 

Байланыштуу адам:

Эксплуатанттын мамлекети:

 

Байланыштуу адам:

Кол коюлган күнү:

Катталган мамлекет тарабынан¹:

Эксплуатанттын мамлекети тарабынан¹:

Мөөнөтү:

Күчүнө кирген күнү¹:

Аяктоо күнү (эгер колдонулса)²:

Келишимдин тилдери:

 

ИКАОнун каттоо номери:

 

ИКАОнун каттоо номери

көрсөтүлгөн алкактык

келишим (эгер бар болсо):

 

Эл аралык

жарандык

авиация жөнүндө

конвенциясы

Эксплуатант тарабынан мамлекетке айрым функциялар

жана милдеттер боюнча жоопкерчиликти өткөрүп берүүдө

тиешелүү болгон ИКАОнун Тиркемелери

12-берене.

Учуу эрежелери

Тиркеме 2, бардык бөлүмдөр

Ооба

 

Жок

30-берене а) пункт.

Аба кемелеринин

радиожабдуусу

Борттук радиостанцияга

уруксат

Ооба

 

 

 

Жок

 

30-б) жана 32-а)

беренелери. Экипаж

мүчөлөрүнө

берилүүчү

күбөлүктөр

Тиркеме 1дин 1-, 2-, 3- жана 6-

бөлүмдөрү; жана Тиркеме 6нын I

бөлүгү («Бортрадист»); же Тиркеме

6нын II бөлүгү (учуу экипаж

мүчөлөрүнүн квалификациясы

жана/же күбөлүктөрү); же Тиркеме

6нын III бөлүгүнүн II бөлүмү (учуу

экипажынын курамы)

(«бортрадист»);

Ооба

АПКР 6: [бөлүгүн

жана пунктун көрсөтүү]3

Жок

 

31-берене. Учууга

жарамдуулук

жөнүндө

күбөлүктөр

Тиркеме 6

I бөлүк же III бөлүктүн II

бөлүмү

Ооба

[Бөлүк менен бөлүмдөрдү

көрсөтүү]3

Жок

Тиркеме 6

II бөлүк

Ооба

[бөлүмдөрдү көрсөтүү]3

Жок

Тиркеме 8

II бөлүктүн 3- жана 4-

бөлүмдөрү

Ооба

[Бөлүмдөрдү көрсөтүү]3

Жок

Эксплуатант тарабынан мамлекетке милдеттерди өткөрүп берүү менен

камтылган аба кемелери

Аба

кемесинин

Улуттук жана

Сериялык

СЭ №

Милдеттерди өткөрүп берүү

даталары

өндүрүүчүсү,

каттоо

белгилери

номери

(коммерциялык

с1

 Чейин (эгер

модели,

сериясы

 

 

аба транспорту)

 

колдонулса)²

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

88) 11-тиркеменин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Ушул Тиркеме Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация башкармалыгынын баштапкы тастыктамалоо, уруксаттарды берүү жана алардын ишине үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү жол-жоболорун жөнгө салуучу нускамалык материалды камтыйт. Ушул тиркеме инспектордук иштин натыйжаларын каттоо, эсепке алуу жана архивде сактоо тартибин аныктайт.»;

89) 11-тиркеменин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Аба эксплуатанттын күбөлүгүн (ЭС) берүү эксплуатант өзүнүн уюштуруу түзүмү, саясаты, персоналды даярдоо программалары, учууларды уюштуруу, жердеги тейлөө жана техникалык тейлөө тутуму аткарыла турган учуулардын мүнөзүнө жана көлөмүнө ылайык келерин Жарандык авиация башкармалыгына далилдеп көрсөткөнүнө жараша жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация башкармалыгындагы тастыктамалоо процесси арыз ээсинин баштапкы эксплуатациялоочунун тастыктамасы берилгенге чейин же ага кийинки өзгөртүүлөрдү жана атайын эксплуатациялык уруксаттарды киргизгенге чейин коопсуз жана үзгүлтүксүз учууларды камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн комплекстүү мамлекеттик баалоону жана экспертизалоону билдирет.»;

90) 11-тиркеменин 8-пунктунун 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жарандык авиация башкармалыгы атайын бекитүү берүүгө же кабыл алууга чейин милдеттүү техникалык коопсуздук баалоосун жүргүзөт. Баалоо төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:»;

91) 11-тиркеменин 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Ушул Эрежелердин 41-пунктуна ылайык, эксплуатантка тастыктамасын берүүгө чейин Жарандык авиация башкармалыгы эксплуатанттан анын уюштуруу түзүмүнүн, учууларды башкаруу жана көзөмөлдөө ыкмаларынын, жердеги жана техникалык тейлөө тутумунун ылайыктуулугун баалоого мүмкүндүк берүүчү жетиштүү далилдерди көрсөтүүнү талап кылат. Бул далилдер колдонмолорду, документтерди, жабдууларды жана каражаттарды талдоо же текшерүү менен катар сунушталууга тийиш. Ушул Эрежелерде каралган айрым атайын бекитүүлөр, анын ичинде чектелген көрүнүү шарттарында учууларды аткарууга атайын уруксат берүү, учуулардын коопсуздугуна олуттуу таасир тийгизгендиктен, мындай уруксат берилгенге чейин практикалык көрсөтүү (демонстрация) аркылуу ырасталууга тийиш.»;

92) 11-тиркеменин 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Ар кандай мамлекеттерде милдеттүү демонстрациялардын жана баалоолордун конкреттүү ыкмалары менен көлөмү айырмаланышына карабастан, Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация башкармалыгы учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алдыңкы эл аралык тажрыйбага шайкеш келген тастыктамалоо процесстерин колдонот. Ушуга байланыштуу Жарандык авиация башкармалыгы квалификациялуу инспектору эксплуатанттын тастыктамасын берүүгө же ага кошумча уруксаттарды киргизүүгө чейин персоналды даярдоонун, техникалык тейлөөнүн жана иштин негизги түрлөрүнүн өкүлчүлүктүү үлгүсүнө баалоо жүргүзөт.»;

93) 11-тиркеменин 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тастыктамалоо, атайын бекитүү же кабыл алуу боюнча бардык аракеттер милдеттүү түрдө талаптагыдай документтештирилет. Жарандык авиация башкармалыгы кабыл алынган чечимди ырастоочу кат же башка расмий документ түрүндөгү жазуу жүзүндөгү документти берет. Мындай документтер эксплуатант тиешелүү ыйгарым укуктарды пайдаланууну улантып турган мезгил ичинде сакталууга тийиш. Бул документтер эксплуатантка берилген ыйгарым укуктардын расмий далили болуп эсептелет жана Жарандык авиация башкармалыгы менен эксплуатанттын ортосунда уруксат берилген ишмердүүлүктүн көлөмү боюнча пикир келишпестик жаралган учурда далил катары колдонулат.»;

94) 11-тиркеменин 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жарандык авиация башкармалыгы тастыктамалоо боюнча бардык отчетторду, анын ичинде инспекциялар, демонстрациялар, атайын бекитүүлөр, бекитүүлөр жана кабыл алуулар боюнча документтерди бирдиктүү досьеге топтойт жана аларды эксплуатант өз ишин жүзөгө ашырып турган мезгил ичинде сактайт. Документтер ошондой эле тастыктамалоо боюнча жүргүзүлгөн аракеттердин түрлөрүнө жараша өзүнчө иштерде сакталуусу мүмкүн. Мындай учурда атайын бекитүүлөрдү, бекитүүлөрдү же кабыл алууларды жаңыртуу учурунда тиешелүү иштер кайрадан талданат. Кандай ыкма колдонулбасын, бул тастыктамалоо боюнча отчеттор Кыргыз Республикасынын эксплуатанттарды тастыктамалоо боюнча ИКАО алдындагы милдеттенмелерин аткарып жаткандыгынын ишенимдүү далили болуп саналат.»;

95) 11-тиркеменин 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация башкармалыгы эксплуатанттын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы катары баштапкы тастыктамалоо, эксплуатанттын тастыктамасын берүү жана анын ишине туруктуу көзөмөл жүргүзүү боюнча өзгөчө жоопкерчилик тартат. Ушул Эрежелердин талаптарына ылайык Жарандык авиация башкармалыгы өз аракеттеринин аба кемеси катталган мамлекеттин авиациялык бийликтери менен өз ара шайкештигин жана координациясын камсыз кылат. Жарандык авиация башкармалыгы каттоо мамлекети тарабынан берилген бардык жактырууларды, бекитүүлөрдү жана уруксаттарды өз убагында кароону жана таанууну (валидациялоону) жүзөгө ашырат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эксплуатантты каттоо мамлекетинин колдонулуучу талаптарын сактоосуна катуу көзөмөлдү камсыз кылат.»;

96) 11-тиркеменин 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жарандык авиация башкармалыгы үчүн анын эксплуатантты башка мамлекеттин реестрине киргизилген аба кемелерин кандай шарттарда пайдаланып жаткандыгы, айрыкча техникалык тейлөө жана экипаждарды даярдоо жагынан канааттандырарлык болушу маанилүү. Жарандык авиация башкармалыгы мындай макулдашууларды каттоо мамлекети менен өз ара координациялоо аркылуу кароого тийиш. Тийиштүү учурларда көзөмөл жүргүзүү боюнча жоопкерчиликти каттоо мамлекетинен Жарандык авиация органына өткөрүп берүү жөнүндө Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 83 bis-беренесине ылайык макулдашуу түзүлүүгө тийиш. Бул көзөмөлдүн белгилүү функцияларын аткаруу үчүн кайсы мамлекет жооптуу экендиги боюнча ар кандай түшүнбөстүктөрдү болтурбоо максатын көздөйт.

Эскертүү. 83 bis-беренесине ылайык каттоо мамлекетинин жоопкерчилигин эксплуатанттын мамлекетине өткөрүп берүүгө тиешелүү нускамалык материал Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 83 bis-беренесин аткаруу боюнча колдонмодо (Doc 10059) камтылган.»;

97) 11-тиркеме төмөнкү мазмундагы 6-параграф «Учуу району» менен толукталсын:

«§ 6. Учуу району

15.1 Эксплуатациялык спецификацияларга киргизилүүчү жана пайдаланууга уруксат берилүүчү учуу райондору боюнча чечим кабыл алууда Жарандык авиация башкармалыгы төмөнкү факторлорду эске алат:

а) сунушталган учуу райондорунун чегинде эксплуатациялык контролду уюштуруунун жетиштүүлүгү (анын ичинде персонал менен камсыз болуу, байланыш каражаттары, аба кемесин байкоо каражаттары, жергиликтүү талаптарга жана метеорологиялык маалыматка жеткиликтүүлүк);

б) пайдаланууга пландаштырылган учуп чыгуу жана көздөгөн аэродромдордо жер үстүндөгү тейлөө жана техникалык тейлөө системаларынын ылайыктуулугу;

в) сунушталган райондордо учууларды аткаруу үчүн аба кемесинин мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде:

1. жер кыртышынын рельефин эске алуу менен аба кемесинин эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрү;

2. атайын жабдуулардын же жол-жоболордун болушунун зарылдыгы (мисалы, күйүүчү майдын температурасын көзөмөлдөө жана анын тоңуп калышынын алдын алуу боюнча аракеттердин стратегиясы);

3. аба кемесинин борттук системаларынын өзгөчө температуралык же климаттык шарттарда иштөөсүнүн натыйжалуулугу жана ишенимдүүлүгү (мисалы, чөл шарттарындагы, Арктикадагы учуулар же бийик тоолуу аэродромдордо учуулар);

4. MELдин курамын эске алуу менен диспетчердик жөнөтүүгө карата өзгөчө талаптардын зарылдыгы;

5. зарыл байланыш, навигация жана байкоо жабдууларынын болушу;

г) сунушталган маршруттар боюнча байланыш, навигация жана байкоо каражаттарынын болушу;

д) сунушталган учуу райондорунда белгиленген талаптарга жооп берген аэродромдордун жана тиешелүү аэронавигациялык маалыматтардын (мисалы, карталардын, навигациялык маалымат базаларынын) болушу;

е) тиешелүү издөө-куткаруу каражаттарынын болушу жана атайын авариялык-куткаруу жабдууларын ташуу зарылдыгы;

ж) төмөнкү маселелер боюнча атайын даярдыктын болушуна коюлган талаптар:

1. күтүлүшү мүмкүн болгон аба ырайынын жана климаттык шарттардагы аракеттер, анын ичинде бийик тоолуу аэродромдордогу төмөн атмосфералык басымдын жана күндүн же космостук нурлануунун экипажга тийгизген таасири;

2. байланыш, навигация жана байкоо боюнча белгиленген мүнөздөмөлөргө (PBCS, PBN), конкреттүү эксплуатациялык талаптарга же аба мейкиндигине коюлган талаптарга шайкештик (мисалы, кеңейтилген экипаж, Түндүк Атлантика аймагындагы жогорку аба мейкиндиги (NAT HLA));

3. стандарттык эмес фразеологияны колдонууга, бийиктикти эсептөөгө (мисалы, метр менен), метеорологиялык маалыматтарды колдонууга (мисалы, бийиктик өлчөгүчтү сымап мамычасынын дюйму менен жөндөө, шамалдын ылдамдыгын секундасына метр менен, көрүнүүнү миля же фут менен көрсөтүү) байланыштуу аба кыймылын тейлөө (УВД) талаптарына шайкештик;

4. 9-бөлүмдүн §10-параграфынын жоболоруна ылайык район, маршрут жана аэродром боюнча атайын квалификациялык талаптарга шайкештик;

з) Учууларды аткаруу боюнча колдонмонун тиешелүү бөлүктөрүнүн жетиштүүлүгү, өзгөчө эксплуатациялык жол-жоболор жана окутуу программалары боюнча;

и) эксплуатанттын 3-бөлүмдүн §5-параграфынын талаптарына ылайык өзүнүн аба кемелерине байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү;

к) эксплуатанттка уруксат берилген учуу райондоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароодо — эксплуатант өзгөрүүлөрдү башкаруу боюнча жүргүзгөн ишинин жыйынтыктары, анын ичинде аныкталган коркунучтардын, учуу коопсуздугу үчүн тобокелдиктерди баалоонун жана ушул өзгөрүүлөр менен байланышкан терс кесепеттердин алдын алуу боюнча чаралардын толук баяндалышы.

Эскертүү. Учуу коопсуздугу үчүн тобокелдиктерди баалоо боюнча усулдук материал «Учуулардын коопсуздугун башкаруу боюнча колдонмодо» (Doc 9859) келтирилген.

15.2 Эксплуатациялык спецификацияларда уруксат берилген учуу райондорун көрсөтүүдө Жарандык авиация башкармалыгы:

а) белгиленген аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берилгендигин көрсөтөт (мисалы: «NAT, анын ичинде NAT HLA» же «SAM, анын ичинде XX FT ашпаган бийик тоолуу аэродромдорго учуулар»);

б) «глобалдык» деген сөздү эксплуатант өзүнүн жабдууларынын, учуу жол-жоболорунун жана персоналды даярдоо деңгээлинин негизинде дүйнөнүн каалаган районунда учууларды аткарууга жөндөмдүү экендигин далилдеген учурда гана колдонот. Эгерде айрым райондор же учуулардын түрлөрү пайдаланууга кирбесе, алар так көрсөтүлүүгө тийиш (мисалы, глобалдык, полярдык райондордон тышкары).»;

98) 11-тиркеменин 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

««Бекитүү» деген термин «кабыл алуу» деген терминге салыштырмалуу Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан тастыктамалоо документтерине карата көбүрөөк расмий мүнөздөгү аракеттердин көрүлгөнүн билдирет. Жарандык авиация башкармалыгынын жетекчиси же анын орун басары «бекитүү» боюнча көрүлгөн ар бир аракетке карата, анын ичинде техникалык инспекторлор тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде жана Жарандык авиация башкармалыгынын техникалык инспекторлорунун түздөн-түз жетекчилери менен макулдашуу аркылуу тиешелүү материалдарга атайын талдоо жана баалоо жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынган татаал жана маанилүү бекитүүлөр боюнча расмий жазуу жүзүндөгү документ берет.»;

99) 11-тиркемедеги «Уруксаттар» бөлүмүнүн 4-параграфынын 19-пунктунун 1 жана 2-абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Жарандык авиация башкармалыгынын бекитүүсү бир же бир катар жылдызчалар менен белгиленбеген, төмөндө саналган тастыктамалоо боюнча бардык аракеттерге карата талап кылынат. Төмөндө саналган, бир же бир катар жылдызчалар менен белгиленген тастыктамалоо боюнча аракеттер Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан же, эгерде Жарандык авиация башкармалыгы катталган мамлекет болуп саналбаса, катталган мамлекет (бир жылдызча же «*») же иштеп чыгуучу мамлекет (эки жылдызча же «») тарабынан бекитилүүгө тийиш. Жарандык авиация башкармалыгы өзү жоопкерчиликтүү болгон эксплуатанттар, Жарандык авиация башкармалыгы өзүнүн талаптарынан тышкары, катталган мамлекет жана/же иштеп чыгуучу мамлекет тарабынан берилген тиешелүү бекитүүлөрдү сакташын камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрөт. Бул жоболорго төмөндөгүлөр кирет:

Атайын бекитүүнү талап кылган пункттар бул жерге киргизилген эмес. Бул жоболордун тизмеси 16-пунктта келтирилген.»;

100) 14-тиркеменин 2-пунктундагы өзгөртүү расмий тилдеги текстке гана тиешелүү.

2. Учууларды эксплуатациялоо башкармалыгы ушул буйрукту аба кемелеринин эксплуатанттарына жеткирүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги:

- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;

- ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде, каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын;

- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын расмий жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

4. Мамлекеттик агенттиктин иш кагаздарын жүргүзүүчүсү М.Т. Тыналиева ушул буйрукту бардык тиешелүү бөлүмдөргө жеткирсин.

5. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин укуктук камыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 71 (3831) саны менен жарыяланды

 

 

Директор

Д.К. Бостонов