Редакцияот 22.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР ӨКМдин

2026-жылдын «22» октябрындагы

№ 2-Д буйругуна

тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу

тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын

тизмеси

 

№ к/н

Мамлекеттик органдын функциясы (ыйгарым укугу)

Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана жагдайлар (коррупциялык тобокелдиктер)

Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалык (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык

Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку)

Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн мекемеси)

Коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон кызмат орундары

Коррупциялык тобокелдиктин башка мамлекеттик органдарда / жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пайда болуу ыктымалдыгы (болгон учурда органдарды көрсөтүү)

Кадрдык камсыздоо жана кызмат өтөөнү (иштөөнү) уюштуруу

1.      

Кызматка (жумушка) кабыл алуу

Кызыкчылыктардын кагылышуусун жашыруу, документтерди текшерүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо же тандоо критерийлерин ылгап колдонуу аркылуу кызматка (жумушка) кабыл алууда айрым талапкерге негизсиз артыкчылык берүү.

Системалык

Жогорку

Кадрлар башкармалыгы, түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр

Жетекчилер, кадрлар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, конкурстук комиссиялардын мүчөлөрү, кызматка кабыл алуу жөнүндө чечимди макулдашкан жана бекиткен адамдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик

2.      

Кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу

Белгиленген критерийлерди жана кезектүүлүктү сактабастан, анын ичинде жеке кызыкчылык болгондо же тандоонун документ менен негиздемеси жок учурда айрым адамдарды окууга, кайра даярдоого, стажировкага же чет өлкөлүк курстарга жөнөтүү.

Системалык

Жогорку

Кадрлар башкармалыгы, Эл аралык кызматташтык башкармалыгы, УИЦ, түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр

Жетекчилер, тандоо комиссияларынын мүчөлөрү, жооптуу аткаруучулар, окууга жиберүүнү макулдашкан жана бекиткен адамдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (биргелешкен жол-жоболордо)

3.      

Кызматка дайындоо, кызмат ордун которуу жана кызмат боюнча жогорулатуу

Квалификациялык талаптарга жооп бербеген адамды кызматка дайындоо, кызмат ордун которуу же кызмат боюнча жогорулатуу, же талаптарды жана жол-жоболорду ылгап колдонуу аркылуу ага артыкчылык түзүү.

Системалык

Жогорку

Кадрлар башкармалыгы, түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр

Жетекчилер, кадрлар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, кадрдык чечимди даярдаган, макулдашкан жана бекиткен адамдар

Жок

4.      

Кадрлар резервин түзүү

Баалоонун жыйынтыктарын же протоколдорду бурмалоо, же критерийлерди бирдей эмес колдонуу аркылуу адамды кадрлар резервине негизсиз киргизүү же башка талапкерди андан чыгаруу.

Системалык

Жогорку

Кадрлар башкармалыгы, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, кадрлар резервин түзүү боюнча комиссиялардын мүчөлөрү, кадрлар бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (биргелешкен жол-жоболордо)

5.      

Аттестация өткөрүү

Айрым адамга артыкчылык берүү же жагымсыз кесепеттерди жаратуу максатында аттестациянын жыйынтыктарын бурмалоо, кызматкердин кесиптик ишине берилген бааны негизсиз жогорулатуу же төмөндөтүү.

Системалык

Жогорку

Кадрлар башкармалыгы, Башкы ыкчам башкармалык, аттестациялык комиссиялар, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, аттестациялык комиссиялардын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү, аттестациянын жыйынтыктарын тариздеген адамдар

Жок

6.      

Кызматкерлерди сыйлоо жана сыйлыктарга көрсөтүү

Критерийлерди ылгап колдонуу аркылуу айрым кызматкерлерди сыйлыктарга, сый акыларга жана башка сыйлоолорго негизсиз көрсөтүү же ишинин натыйжалары салыштырмалуу бирдей болгон башка кызматкерлерди сыйлоодон четтетүү.

Системалык

Жогорку

Кадрлар башкармалыгы, Финансы башкармалыгы, бөлүмдөрдүн жетекчилери

Жетекчилер, кадрлар жана финансы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, комиссиялардын мүчөлөрү (болгон учурда), сыйлоону макулдашкан жана бекиткен адамдар

Жок

Кызматтык иликтөөлөрдү уюштуруу жана кайрылууларды кароону камсыздоо

7.      

Кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүү

Кызматтык иликтөөнүн (териштирүүнүн) жүрүшүндө аныкталган фактыларды, далилдерди жана корутундуларды жашыруу же бурмалоо, каралган чараларды көрбөө же аларды айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн ылгап колдонуу.

Кырдаалдык

Жогорку

Кызматтык териштирүүлөр боюнча комиссиялар, Укуктук камсыздоо башкармалыгы, Башкы ыкчам башкармалык

Жетекчилер, комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү, комиссиянын катчысы, териштирүүнүн материалдарын жана корутундуларын даярдаган адистер

Укук коргоо органдары (материалдар тиешелүүлүгү боюнча жөнөтүлгөн учурда)

8.      

Жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароо

Кайрылууну кароону атайылап создуктуруу, маанилүү материалдарды жашыруу, негизсиз жооп даярдоо же мыйзамсыз пайда алуу үчүн же башка жеке кызыкчылык менен арыз ээсине артыкчылык түзүү.

Системалык

Орто

Документтик камсыздоо жана аткарылышын контролдоо башкармалыгы, түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр

Жетекчилер, түздөн-түз аткаруучулар, жоопту макулдашкан жана кол койгон адамдар, мөөнөттөрдүн сакталышын контролдогон кызматкерлер

Башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (кайрылуу ведомстволор аралык тартипте каралган учурда)

Укуктук камсыздоо

9.      

Укуктук корутундуларды даярдоо

Айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн колдонулуучу укук ченемдерин же иш жүзүндөгү жагдайларды атайылап бурмалап, укуктук тобокелдиктерди жашырып же чечимди негизсиз макулдашып укуктук корутунду даярдоо.

Потенциалдуу

Орто

Укуктук камсыздоо башкармалыгы

Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы, корутундуну даярдаган жана макулдашкан башка аткаруучулар

Жок

Бюджеттик пландаштырууну жана финансылык ишти камсыздоосун уюштуруу

10.   

Бюджеттик керектөөнү түзүү жана бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелерди бөлүштүрүү

Бюджеттик керектөөнүн эсептөөлөрүн негизсиз көбөйтүү же бурмалоо, негизсиз чыгымдарды киргизүү, ошондой эле бөлүнгөн бюджеттик ассигнованиелерди айрым бөлүмдөрдүн, иш-чаралардын же алуучулардын пайдасына негизсиз бөлүштүрүү же кайра бөлүштүрүү.

Системалык

Жогорку

Финансы башкармалыгы, түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, финансы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, бюджеттик керектөөнү демилгелегендер, бюджеттик өтүнмөлөрдү жана бөлүштүрүүнү макулдашкан жана бекиткен адамдар

Жок

11.   

Эмгек акыны, үстөк акыларды, компенсацияларды жана социалдык төлөмдөрдү эсептөө

Айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн негизсиз төлөмдөрдү, үстөк акыларды, компенсацияларды же социалдык төлөмдөрдү эсептөө, ошондой эле ашыкча төлөнгөн суммаларды жашыруу жана аларды кайтарып алуу боюнча чараларды өз убагында көрбөө.

Системалык

Жогорку

Финансы башкармалыгы, түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, бухгалтерлер, кадр кызматкерлери, финансы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, эсептөөлөрдү түзгөн жана бекиткен адамдар

Жок

12.   

Иш сапарларга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу

Кызматтык зарылдык болбосо да иш сапарды тариздөө, орду толтурулуучу чыгымдарды көбөйтүп көрсөтүү, анык эмес ырастоочу документтерди колдонуу же негизсиз аванстык отчетту кабыл алуу.

Системалык

Орто

Финансы башкармалыгы, түзүмдүк, ведомстволук караштуу жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, бухгалтерлер, иш сапарга жөнөтүлгөн адамдар, иш сапарды макулдашкан жана аванстык отчетторду бекиткен адамдар

Жок

Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

13.   

Товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөөнү түзүү

Алдын ала аныкталган берүүчүгө ылайыктап сатып алуу керектөөсүн жана планын түзүү, анын ичинде товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн санын, наркын же мүнөздөмөлөрүн негизсиз жогорулатуу.

Системалык

Жогорку

Сатып алуулар бөлүмү, сатып алууну демилгелегендер

Жетекчилер, сатып алууну демилгелегендер, сатып алуу боюнча адистер, керектөөнү жана сатып алуу планын макулдашкан адамдар

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти (өз ыйгарым укуктарынын чегинде)

14.   

Техникалык спецификацияларды жана квалификациялык талаптарды даярдоо

Техникалык спецификацияда же квалификациялык талаптарда атаандаштыкты чектеген жана айрым катышуучуга артыкчылык түзгөн ашыкча, басмырлоочу же негизсиз тар шарттарды белгилөө.

Системалык

Жогорку

Сатып алуулар бөлүмү, тармактык бөлүмдөр

Жетекчилер, тармактык бөлүмдөрдүн жана сатып алуулар боюнча адистер, комиссиялардын мүчөлөрү, техникалык спецификацияны макулдашкан адамдар

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти (өз ыйгарым укуктарынын чегинде)

15.   

Мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларынын табыштамаларын баалоо

Айрым сатып алуу катышуучусуна артыкчылык берүү максатында табыштаманы негизсиз кабыл алуу, четке кагуу же баалоо, документтерди баалоо ыкмасын өзгөртүү же талаптарга ылайык келбеген жагдайларды көз жаздымда калтыруу.

Системалык

Жогорку

Сатып алуулар бөлүмү, сатып алуу комиссиялары

Жетекчилер, сатып алуу комиссиясынын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү, сатып алуулар боюнча адистер

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти (өз ыйгарым укуктарынын чегинде)

16.   

Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу

Товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр иш жүзүндө берилбеген, толук көлөмдө аткарылбаган, мүнөздөмөлөргө жооп бербеген же сапаты талапка ылайык келбеген учурда кабыл алуу документтерине кол коюу, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жашыруу.

Системалык

Жогорку

Кабыл алуу комиссиялары, тармактык бөлүмдөр

Жетекчилер, кабыл алуу комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, материалдык жооптуу адамдар, тармактык адистер

Жок

17.   

Келишимдердин мөөнөттөрүн, наркын, көлөмдөрүн же башка шарттарын өзгөртүү

Сатып алуудан кийин берүүчүгө (подрядчыга) кошумча артыкчылык түзө тургандай келишимдин мөөнөттөрүн, баасын, көлөмдөрүн, мүнөздөмөлөрүн же башка олуттуу шарттарын негизсиз өзгөртүү.

Системалык

Жогорку

Сатып алуулар бөлүмү, түзүмдүк, ведомстволук караштуу жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, сатып алуу боюнча адистер, келишимдин демилгечилери, юристтер жана келишимдин шарттарын өзгөртүүнү макулдашкан башка адамдар

Жок

Материалдык-техникалык ресурстарды башкаруу

18.   

Мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана пайдалануу

Мамлекеттик мүлктүн жетишсиздигин жашыруу, аны эсепке албай же максатсыз пайдалануу, мүлктү тиешелүү негизсиз, эсепке албастан же уруксатсыз үчүнчү жактарга өткөрүп берүү.

Системалык

Жогорку

Чарба бөлүмдөрү, материалдык жооптуу адамдар

Жетекчилер, чарба башчылары, бухгалтерлер жана эсепке алууну жүргүзгөн башка адамдар, материалдык жооптуу адамдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (белгиленген учурларда)

19.   

Мүлктү, техниканы жана жабдууларды эсептен чыгаруу

Пайдаланууга жарактуу мүлктү, техниканы же жабдууларды эсептен чыгаруу, кийин аларды ажыратуу же айрым адамдардын кызыкчылыгында пайдалануу максатында техникалык абалы жөнүндө маалыматтарды бурмалоо же наркын төмөндөтүү.

Системалык

Жогорку

Тыл башкармалыгы, Финансы башкармалыгы, эсептен чыгаруу боюнча комиссиялар, чарба бөлүмдөрү

Жетекчилер, эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү, финансы жана чарба бөлүмдөрүнүн адистери, материалдык жооптуу адамдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (белгиленген учурларда)

20.   

Мүлктү убактылуу пайдаланууга, ижарага же башкача пайдаланууга берүү

Мамлекеттик мүлктү тиешелүү негизсиз, белгиленген жол-жободон тышкары же айрым адам үчүн негизсиз пайдалуу шарттарда убактылуу пайдаланууга, ижарага же башкача пайдаланууга берүү.

Системалык

Жогорку

Түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, мүлктү өткөрүп берүүнү даярдаган жана макулдашкан адистер, материалдык жооптуу адамдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (белгиленген учурларда)

21.   

Атайын техниканы, транспортту, күйүүчү майды, жабдууларды жана материалдык ресурстарды пайдалануу

Атайын техниканы, транспортту, күйүүчү майды, жабдууларды же башка материалдык ресурстарды жеке же коммерциялык максаттарда пайдалануу, ырастоочу негизсиз күйүүчү май менен ресурстарды эсептен чыгаруу же алардын иш жүзүндөгү пайдаланылышын жашыруу.

Системалык

Жогорку

Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр

Жетекчилер, материалдык жооптуу адамдар, айдоочулар, жол баракчаларын жана күйүүчү май менен ресурстарды эсептен чыгарууну тариздеген кызматкерлер

Жок

Жарандык коргонуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана координациялоо

22.   

Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү

Кемчиликтерди, аткарылбаган иш-чараларды жашыруу же айрым субъекттерге артыкчылык түзүү максатында жарандык коргонуу боюнча пландарга, паспортторго, отчетторго жана башка документтерге билип туруп анык эмес маалыматтарды киргизүү.

Потенциалдуу

Орто

Түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, адистер

жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумуна кирген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

23.   

Селден коргоо, жээктерди бекемдөө жана суу чарба иш-чараларына муктаж объекттердин тизмесин түзүү жана кезектүүлүгүн аныктоо

Объективдүү критерийлерсиз жана ырастоочу материалдарсыз объектти тизмеге киргизүү же андан чыгаруу, айрым аймактардын, адамдардын же уюмдардын кызыкчылыгында селден коргоо, жээктерди бекемдөө жана суу чарба иш-чараларынын кезектүүлүгүн өзгөртүү.

Потенциалдуу

Жогорку

Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгы, Селден коргоо кызматы, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, адистер, комиссиялардын жана жумушчу топтордун төрагалары жана мүчөлөрү, объекттердин тизмесин жана кезектүүлүгүн даярдаган жана бекиткен адамдар

Тиешелүү аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

24.   

Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды аныктоо

Айрым адамдардын, уюмдардын же аймактардын кызыкчылыгында өзгөчө кырдаалдан келтирилген зыяндын өлчөмүн көбөйтүү же азайтуу, ырасталбаган жоготууларды кошуу же ырасталган жоготууларды алып салуу.

Кырдаалдык

Жогорку

Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгы, аймактык бөлүмдөр, зыянды баалоо комиссиялары

Жетекчилер, адистер, зыянды баалоо комиссияларынын төрагалары жана мүчөлөрү, акыркы эсептөөлөрдү бекиткен адамдар

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; зыянды баалоо комиссиясына катышкан мамлекеттик органдар (болгон учурда)

25.   

Өзгөчө кырдаалдардан жабыркагандардын тизмесин түзүү

Жардамга, компенсацияларга жана башка колдоо чараларына жетүү мүмкүнчүлүгүн алуу же чектөө максатында адамды жабыркагандардын тизмесине негизсиз киргизүү же белгиленген критерийлерге жооп берген адамды тизмеден чыгаруу.

Кырдаалдык

Жогорку

Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгы, аймактык бөлүмдөр, комиссиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

Жетекчилер, жооптуу адистер, комиссиялардын жана жумушчу топтордун мүчөлөрү, тизмелерди түзгөн жана бекиткен адамдар

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; тизмелерди түзүүгө жана текшерүүгө катышкан башка мамлекеттик органдар (болгон учурда)

26.   

Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү

Гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнүн бекитилген критерийлерин, кезектүүлүгүн жана көлөмдөрүн бузуу, айрым алуучуларга негизсиз артыкчылык түзүү же келип түшкөн жардамдын бир бөлүгүн жашыруу.

Кырдаалдык

Жогорку

Тыл башкармалыгы, Эл аралык кызматташтык башкармалыгы, аймактык бөлүмдөр, ӨКААКЖБК, ККББ, жооптуу комиссиялар

Жетекчилер, жардамды эсепке алуу, сактоо, бөлүштүрүү жана берүү үчүн жооптуу комиссия мүчөлөрү, материалдык жооптуу адамдар

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; жардамды бөлүштүрүүгө катышкан башка мамлекеттик органдар (болгон учурда)

27.   

Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда материалдык ресурстарды пайдалануу

Өзгөчө кырдаалды жоюуда артыкчылыктуу болуп эсептелбеген объекттерге жана муктаждыктарга техниканы, күйүүчү майды, жабдууларды, материалдарды же башка ресурстарды негизсиз багыттоо, ошондой эле ресурстардын иш жүзүндөгү чыгымдалышын жашыруу.

Кырдаалдык

Жогорку

Тыл башкармалыгы, ӨКААКЖБК, аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, диспетчерлер жана ыкчам кызматкерлер, материалдык жооптуу адамдар, ресурстарды бөлүү жана эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган адамдар

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумуна кирген мамлекеттик органдар

28.   

Авариялык-куткаруу жана кечиктирилгис иштерди координациялоо

Объективдүү түрдө кыйла артыкчылыктуу башка багыттар болгонуна карабастан, айрым объекттердин же субъекттердин пайдасына авариялык-куткаруу жана кечиктирилгис иштердин кезектүүлүгүн же артыкчылыктарын негизсиз өзгөртүү.

Кырдаалдык

Жогорку

Башкы ыкчам башкармалык, Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгы, ӨКААКЖБК, ККББ, аймактык бөлүмдөр

Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн жетекчилери, иштердин жетекчилери, диспетчерлер, артыкчылыктарды жана кезектүүлүктү аныктаган адамдар

жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумуна кирген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

29.   

Кризистик кырдаалдарды жана маалыматтык ресурстарды башкаруу

Чечим кабыл алууга, күчтөрдү жана каражаттарды бөлүштүрүүгө же кызыкдар субъекттерге маалымат берүүгө таасир этиши мүмкүн болгон өзгөчө кырдаал тууралуу ыкчам маалыматты атайылап бурмалоо, жашыруу же өз убагында жеткирбөө.

Кырдаалдык

Орто

ККББ

Жетекчилер, ыкчам нөөмөтчүлөр, диспетчерлер, талдоочулар, ыкчам маалыматты даярдаган жана бекиткен адистер

жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумуна кирген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

Мониторинг, божомолдоо жана гидрометеорологиялык камсыздоо

30.   

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо

Коргоо иш-чараларынын жана ресурстардын кезектүүлүгүнө, көлөмүнө же багытына таасир этиши мүмкүн болгон кооптуу процесстерге мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын бурмалоо, ылгап алып салуу же негизсиз өзгөртүү.

Потенциалдуу

Орто

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти, Кыргызгидромет, аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, адистер, талдоочулар

Мониторингге жана маалымат алмашууга катышкан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

31.   

Гидрометеорологиялык камсыздоо

Айрым алуучуларга негизсиз артыкчылык түзүү же иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдү жашыруу максатында гидрометеорологиялык маалыматтарды жана эскертүүлөрдү бурмалап же ылгап берүү.

Потенциалдуу

Орто

Кыргызгидромет

Жетекчилер, адистер, байкоочулар

Расмий гидрометеорологиялык маалыматты алуучу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

Калдыктарды сактоочу жайлар, кооптуу заттар жана радиоактивдүү калдыктар менен иштөө

32.   

Калдыктарды сактоочу жайлардын, тоо-кен калдыктары үймөктөрүнүн жана башка потенциалдуу кооптуу объекттердин абалын аныктоо

Объекттерди иштеткен же башка кызыкдар адамдардын кызыкчылыгында калдыктарды сактоочу жайлардын, тоо-кен калдыктары үймөктөрүнүн жана башка потенциалдуу кооптуу объекттердин техникалык жана экологиялык абалы, аныкталган бузуулар жана тобокелдиктер жөнүндө маалыматтарды жашыруу же бурмалоо.

Потенциалдуу

Жогорку

Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгы, Калдыктарды сактоочу жайлар менен иштөө департаменти

Жетекчилер, адистер, эксперттер, текшерүү жүргүзгөн жана корутундуларды же отчетторду бекиткен адамдар

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; укук коргоо органдары (өз компетенциясынын чегинде)

33.   

Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды камтыган объекттерди текшерүү жана эсепке алуу

Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды камтыган объекттерди текшерүүнүн жыйынтыктарын, алардын эсебин, көлөмүн же абалын бурмалоо, ошондой эле айрым чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызыкчылыгында аныкталган бузууларды жашыруу.

Системалык

Жогорку

Калдыктарды сактоочу жайлар менен иштөө департаменти

Жетекчилер, адистер, текшерүү жана эсепке алуу жүргүзгөн, алардын жыйынтыктарын тариздеген адамдар

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (өз компетенциясынын чегинде)

34.   

Радиациялык авариялардын кесепеттерин иликтөө

Айрым адамдардын же уюмдардын кызыкчылыгында радиациялык авариянын себептери, жагдайлары жана кесепеттери жөнүндө тыянактарды бурмалоо, бузууларды жашыруу же себептик байланышты негизсиз жокко чыгаруу.

Кырдаалдык

Жогорку

Калдыктарды сактоочу жайлар менен иштөө департаменти, «РАК» ММ

Жетекчилер, адистер, эксперттер, иликтөө комиссиясынын мүчөлөрү, корутундуларды бекиткен адамдар

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (өз компетенциясынын чегинде)

35.   

Атайын кийимди жана жеке коргонуу каражаттарын дезактивациялоо

Атайын кийимди жана жеке коргонуу каражаттарын дезактивациялоо фактысы, көлөмү же сапаты жөнүндө анык эмес маалыматтарды чагылдыруу, белгиленген тартиптен же эсепке алуудан тышкары кызмат көрсөтүү.

Системалык

Орто

«РАК» мамлекеттик мекемеси

Жетекчилер, адистер, жеке коргонуу каражаттарын кабыл алган жана берген, дезактивациянын жыйынтыктарын жана кызмат көрсөтүүнүн эсебин тариздеген адамдар

Жок

36.   

Радиоактивдүү калдыктарды ташуу, сактоо жана көмүү

Айрым адамдардын же уюмдардын кызыкчылыгында радиоактивдүү калдыктарды ташууга, сактоого же көмүүгө коюлган талаптарды бузуу, алардын көлөмү, курамы, маршруту же жайгаштырылган жери жөнүндө маалыматтарды бурмалоо.

Системалык

Жогорку

«РАК» ММ

Жетекчилер, адистер, материалдык жооптуу адамдар, калдыктарды эсепке алууну, ташууну, сактоону жана көмүүнү тариздеген адамдар

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (өз компетенциясынын чегинде)

Эл аралык кызматташтык, гранттар жана техникалык жардам

37.   

Эл аралык кызматташтык, гранттар жана техникалык жардам

Иш-чараларды, катышуучуларды, берүүчүлөрдү же гранттык жана техникалык жардам алуучуларды ачык-айкын эмес же негизсиз тандоо; айрым адамдардын же уюмдардын кызыкчылыгында тандоо критерийлерин жана шарттарын өзгөртүү.

Потенциалдуу

Жогорку

Эл аралык кызматташтык башкармалыгы, Оорук башкармалыгы, ДИАБ, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөр

Жетекчилер, комиссиялардын жана жумушчу топтордун мүчөлөрү, эл аралык кызматташтык жана сатып алуулар боюнча кызматкерлер, тандоону макулдашкан адамдар

Тиешелүү эл аралык долбоорлордун же программалардын катышуучулары болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары (болгон учурда)

Уруксат берүү, лицензиялоо жана эксперттик ишти жүзөгө ашыруу

38.   

Жер казынасын пайдалануу укуктарын алууга жана дарыялардын же башка суу объекттеринин нугунда же жээктеринде иштерди жүргүзүүгө макулдук берүү

Жер казынасын пайдалануу укуктарын алууну жана суу объекттеринин нугунда же жээктеринде иштерди жүргүзүүнү негизсиз макулдашуу же макулдашуудан баш тартуу, айрым арыз ээсинин кызыкчылыгында талаптарды ылгап колдонуу.

Системалык

Жогорку

Аймактык бөлүмдөр, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти

Жетекчилер, адистер, эксперттер, комиссиялардын мүчөлөрү (болгон учурда), чечимди макулдашкан жана кабыл алган адамдар

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (өз компетенциясынын чегинде)

39.   

Өрт коопсуздугу жаатындагы ишти лицензиялоо

Белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда лицензияны берүү, кайра тариздөө, мөөнөтүн узартуу, колдонулушун токтото туруу же жокко чыгаруу, же айрым арыз ээсинин кызыкчылыгында негизсиз баш тартуу же жол-жобону создуктуруу.

Системалык

Жогорку

Өрт коопсуздугу башкармалыгы, лицензия берүү маселелерин кароо боюнча комиссия

Жетекчи, лицензиялык комиссиянын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү, материалдарды жана чечимдин долбоорун даярдаган адистер

Жок

40.   

Өрт-куткаруу жана авариялык-куткаруу кызматтарын жана түзүмдөрүн аккредитациялоо жана аттестациялоо

Өрт-куткаруу же авариялык-куткаруу кызматын (түзүмүн) аккредитациялоонун же аттестациялоонун талаптарына жооп берет деп негизсиз таануу же аккредитациялоодон же аттестациялоодон негизсиз баш тартуу.

Системалык

Жогорку

Белгиленген тартипте түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын ӨКМинин аттестациялык комиссиясы жана анын ишин камсыз кылуучу түзүмдүк бөлүм

Аттестациялык комиссиянын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү, материалдарды даярдоого катышкан кызмат адамдары

Тиешелүү куткаруу кызматтары же түзүмдөрү бар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (болгон учурда)

41.   

Өрт коопсуздугу жаатында лабораториялык сыноолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүү

Шайкештикти баалоо боюнча сыноолордун, изилдөөлөрдүн жана башка иштердин жыйынтыктарын бурмалоо, иш жүзүндөгү жыйынтыктарга дал келбеген протоколдорду жана корутундуларды тариздөө же айрым арыз ээлеринин кызыкчылыгында аларды берүүнү негизсиз создуктуруу.

Системалык

Жогорку

ОИБ

Жетекчилер, лабораториялардын жана сыноолордун адистери, эксперттер, корутундуларды тариздеген, макулдашкан жана кол койгон адамдар

Жок

42.   

Долбоордук документтерге мамлекеттик өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү

Долбоордук документтер милдеттүү талаптарга жооп бербеген учурда мамлекеттик өрт-техникалык экспертизанын оң корутундусун берүү же айрым арыз ээлеринин кызыкчылыгында корутунду берүүдөн негизсиз баш тартуу же аны создуктуруу.

Системалык

Орто

Өрт коопсуздугу башкармалыгы, аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, эксперттер, адистер, экспертиза жүргүзгөн, корутундуну макулдашкан жана кол койгон адамдар

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө)

Мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, аныкталган бузуулар боюнча чараларды көрүү

43.   

Өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышын контролдоо

Аныкталган өрт коопсуздугу талаптарынын бузулушун жашыруу, текшерүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо, милдеттүү чараларды көрбөө же текшерилүүчү субъекттин кызыкчылыгында аларды ылгап колдонуу.

Системалык

Жогорку

Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат

Жетекчилер, мамлекеттик инспекторлор, адистер, текшерүү материалдарын макулдашкан жана бекиткен адамдар

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – контроль объекттеринин ээлери же пайдалануучулары (болгон учурда)

44.   

Курулуп жаткан объекттерге өрт коопсуздугу жагынан контроль жүргүзүү

Жоюла элек бузуулар болгонуна карабастан курулуп жаткан объект өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берерин ырастоо же мындай бузууларды көзөмөлдөо көматериалдарында жашыруу.

Системалык

Жогорку

Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат

Жетекчилер, контроль жүргүзүүчү инспекторлор жана адистер, текшерүүнүн жыйынтыктарын тариздеген жана бекиткен адамдар

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (өз компетенциясынын чегинде)

45.   

Ыйгарым укуктардын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш жүргүзүү

Адамды негизсиз жоопкерчиликке тартпоо, укук бузуунун квалификациясын же жаза чарасынын өлчөмүн жасалма түрдө жеңилдетүү, же иштин иш жүзүндөгү жагдайларын жана материалдарын бурмалоо аркылуу негизсиз жоопкерчиликке тартуу.

Системалык

Жогорку

Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча комиссиялар, Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат, Кыргызгидромет

Жетекчилер, иштер боюнча өндүрүш жүргүзгөн кызмат адамдары, материалдарды караган жана чечим кабыл алган адамдар

Укук коргоо органдары жана соттор (материалдар белгиленген учурларда жөнөтүлгөндө же каралганда)

46.   

Ар кандай субъекттер тарабынан жарандык коргонуунун уюштурулушуна жана жүргүзүлүшүнө контроль жүргүзүү

Жарандык коргонуунун уюштурулушун жана жүргүзүлүшүн контролдоонун жыйынтыктарын бурмалоо, бузууларды жана аткарылбаган иш-чараларды жашыруу же текшерилүүчү субъекттин кызыкчылыгында чараларды көрбөө.

Системалык

Жогорку

Аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, контроль боюнча адистер, текшерүүнүн жыйынтыктарын тариздеген, макулдашкан жана бекиткен адамдар

Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумуна кирген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

47.   

Жарандык коргонуу жаатындагы контролдун жыйынтыктары боюнча жазма буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берүү

Текшерилүүчү субъекттин кызыкчылыгында жазма буйрукту (көрсөтмөнү) негизсиз берүү же бербөө, бузууларды ылгап көрсөтүү, аларды жоюунун мөөнөттөрүн же талаптардын көлөмүн өзгөртүү.

Системалык

Орто

Борбордук аппарат жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, инспекторлор жана адистер, жазма буйруктарды тариздеген, макулдашкан жана кол койгон адамдар

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – тиешелүү контролдун объекттери (болгон учурда)

48.   

Жарандык коргонуу жаатындагы талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизүү

Аныкталган укук бузууну жашыруу же критерийлерди жана иш жүзүндөгү жагдайларды ылгап колдонуу аркылуу жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунушту негизсиз киргизүү же киргизбөө.

Системалык

Жогорку

Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр

Жетекчилер, адистер, жоопкерчиликке тартуу боюнча материалдарды жана сунуштарды даярдаган адамдар, чечим кабыл алган адамдар

Укук коргоо органдары жана соттор (материалдар белгиленген учурларда жөнөтүлгөндө же каралганда)

Медициналык күбөлөндүрүү жана медициналык камсыздоо

49.   

Медициналык корутундуларды, маалымкаттарды жана башка документтерди берүү

Иш жүзүндөгү абалга дал келбеген медициналык корутундуну, маалымкатты же башка медициналык документти берүү же айрым адамдардын кызыкчылыгында документ берүүдөн негизсиз баш тартуу же аны создуктуруу.

Системалык

Жогорку

Апааттык медицина кызматы, штаттан тышкаркы аскердик-дарыгердик комиссия

Медициналык бөлүмдөрдүн жетекчилери, дарыгерлер жана башка медицина кызматкерлери, медициналык документтерди тариздеген жана кол койгон адамдар

Жок

50.   

Медициналык күбөлөндүрүү жана аскердик-дарыгердик экспертиза

Адамды кызмат өтөөгө жарактуу, чектелген деңгээлде жарактуу же жараксыз деп негизсиз таануу максатында медициналык күбөлөндүрүүнүн же аскердик-дарыгердик экспертизанын жыйынтыктарын бурмалоо.

Системалык

Орто

Апааттык медицина кызматы, штаттан тышкаркы аскердик-дарыгердик комиссия

Аскердик-дарыгердик комиссиянын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү, адис дарыгерлер, корутундуну бекиткен адамдар

Жок

51.   

Министрликтин кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыздоо

Айрым адамдардын кызыкчылыгында Министрликтин кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык жардамды, жеңилдиктерди же медициналык камсыздоонун каралган көлөмүн негизсиз берүү же берүүдөн баш тартуу, кезектүүлүктү бузуу.

Системалык

Жогорку

Апааттык медицина кызматы

Жетекчилер, дарыгерлер, башка медицина кызматкерлери, жардам жана жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алган адамдар

Жок

52.   

Өзгөчө кырдаалдарда калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүү

Медициналык көрсөткүчтөр жок болсо да өзгөчө кырдаал учурунда айрым адамдардын пайдасына медициналык сорттоону же медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кезектүүлүгүн негизсиз өзгөртүү.

Кырдаалдык

Орто

Апааттык медицина кызматы, аймактык бөлүмдөр

Медициналык бөлүмдөрдүн жетекчилери, дарыгерлер, медицина кызматкерлери, медициналык сорттоо жана жардам көрсөтүү үчүн жооптуу адамдар

Жок

Мамлекеттик жана башка кызматтарды көрсөтүү, адистерди даярдоо жана ишке уруксат берүү

53.   

Гидрометеорологиялык кызматтарды көрсөтүү

Белгиленген тартипти, кезектүүлүктү же тарифти бузуп гидрометеорологиялык кызматтарды көрсөтүү, көрсөтүлгөн кызматты эсепке албоо же айрым буюртмачыга негизсиз артыкчылык берүү.

Системалык

Орто

Кыргызгидромет

Жетекчилер, адистер, өтүнмөлөрдү кабыл алган жана аткарган адамдар, кызматтардын эсептөөлөрүн жана эсебин тариздеген кызматкерлер

Жок

54.   

Келишимдик негизде авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү

Авариялык-куткаруу иштерин келишимдик негизде белгиленген тартиптен тышкары жүргүзүү, төлөнүүгө тийиш болгон кызматтын наркын же көлөмүн төмөндөтүү, ошондой эле иш жүзүндө көрсөтүлгөн кызматтарды эсепке албоо.

Системалык

Жогорку

АИКК, Суучулдар кызматы

Жетекчилер, келишимдик жана финансылык иштер боюнча адистер, куткаруу иштеринин жетекчилери, аткарылган кызматтарды тариздеген жана кабыл алган адамдар

Жок

55.   

Суучулдук жана суу алдындагы техникалык иштер

Суучулдук жана суу алдындагы техникалык иштердин көлөмүн, татаалдыгын же наркын жогорулатып көрсөтүү, иш жүзүндө аткарылбаган иштерге актыларды тариздөө же аларды аткаруудагы кемчиликтерди жашыруу.

Системалык

Орто

Суучулдар кызматы

Жетекчилер, суучулдар, инженерлер жана адистер, комиссиялардын мүчөлөрү, аткарылган иштердин көлөмүн жана актыларын тариздеген адамдар

Жок

56.   

Суучулдарды аттестациялоо, даярдоо жана ишке уруксат берүү

Суучулду объективдүү эмес аттестациялоо, даярдоо же ишке уруксат берүү, билимин жана көндүмдөрүн текшерүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо же белгиленген талаптарга жооп бербеген адамды ишке киргизүү.

Системалык

Жогорку

Суучулдар кызматы, ОИБ

Жетекчилер, инструкторлор, аттестациялык комиссиянын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү, уруксатты тариздеген адамдар

Жок

57.   

Билим берүү жана илимий-изилдөө иши

Угуучуларды негизсиз тандоо, окутуунун жана аттестациянын жыйынтыктарын бурмалоо, белгиленген даярдык көлөмүн же жыйынтыктоочу баалоону өтпөгөн адамга окуу жөнүндө документ берүү.

Системалык

Орто

ОИБ

Жетекчилер, окутуучулар, комиссиялардын мүчөлөрү, тандоо, окутуунун эсебин алуу, жыйынтыктоочу баалоо жана документтерди берүү үчүн жооптуу адамдар

Жок

Курулуш, долбоорлоо, капиталдык оңдоо жана техникалык көзөмөл

58.   

Жарандык коргонуу объекттерин курууда мамлекеттик буюртмачынын функцияларын аткаруу

Айрым аткаруучуга артыкчылык берүү максатында подрядчыны тандоодо, мамлекеттик заказдын көлөмдөрүн жана шарттарын аныктоодо же кийин келишимди башкарууда белгиленген жол-жоболордон четтөө.

Системалык

Жогорку

ККД, сатып алуу бөлүмдөрү

Жетекчилер, мамлекеттик буюртмачынын адистери, сатып алуу жана башка комиссиялардын мүчөлөрү, инженерлер, юристтер, чечимдерди макулдашкан жана бекиткен адамдар

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (белгиленген учурларда)

59.   

Долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу, кароо жана текшерүү

Долбоордук-сметалык документтерде иштердин, материалдардын же жабдуулардын көлөмүн жана наркын жогорулатып көрсөтүү, негизсиз позицияларды кошуу же аныкталган дал келбестиктер болгонуна карабастан мындай эсептөөлөрдү макулдашуу.

Системалык

Жогорку

ККД, тармактык бөлүмдөр

Жетекчилер, долбоорлоочулар, инженерлер, сметачылар, эксперттер жана адистер, долбоордук-сметалык документтерди макулдашкан жана бекиткен адамдар

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (өз компетенциясынын чегинде)

60.   

Коргоо курулмаларынын жана жарандык коргонуу объекттеринин курулушун контролдоо жана техникалык көзөмөлдөө

Иш жүзүндө аткарылбаган же долбоордон жана талаптардан четтөө менен аткарылган курулуш иштеринин көлөмүн жана сапатын ырастоо, техникалык көзөмөлдүн кемчиликтерин жашыруу.

Системалык

Жогорку

ККД, ведомстволук караштуу жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, техникалык көзөмөл боюнча адистер, инженерлер, журналдарга, актыларга жана башка ырастоочу документтерге кол койгон адамдар

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (өз компетенциясынын чегинде)

61.   

Курулуш жана оңдоо иштерин кабыл алуу

Курулуш жана оңдоо иштери иш жүзүндө аткарылбаган, толук көлөмдө аткарылбаган же талаптагыдай сапатта болбогон учурда кабыл алуу актыларына жана аткаруу документтерине кол коюу.

Системалык

Жогорку

ККД, кабыл алуу комиссиялары, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, кабыл алуу комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, инженерлер жана адистер, актыларга жана төлөм документтерине кол койгон адамдар

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (кабыл алууга катышкан учурда)

62.   

Курулуш объекттерин баштапкы-уруксат берүүчү жана долбоордук документтер менен камсыздоо

Айрым подрядчылардын же объекттердин кызыкчылыгында баштапкы-уруксат берүүчү жана долбоордук документтерди тариздөөнү негизсиз тездетүү же создуктуруу, алардагы маалыматтарды бурмалоо.

Системалык

Жогорку

ККД, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, инженерлер жана адистер, баштапкы-уруксат берүүчү жана долбоордук документтерди даярдаган, макулдашкан жана тариздеген адамдар

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (өз компетенциясынын чегинде)

63.   

Селден коргоо, жээктерди бекемдөө жана суу чарба иштерин жүргүзүү

Селден коргоо, жээктерди бекемдөө жана суу чарба иштеринин иш жүзүндөгү көлөмдөрүн, материалдардын наркын жана аткарылган иштердин баасын жогорулатып көрсөтүү; аткарылбаган же сапатсыз аткарылган иштерди ырастоо.

Системалык

Жогорку

Селден коргоо кызматы, ККД, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр

Жетекчилер, инженерлер, техникалык көзөмөл боюнча адистер, комиссиялардын мүчөлөрү, аткарылган иштердин көлөмдөрүн аныктаган жана актыларга кол койгон адамдар

Тиешелүү аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

Мамлекеттик материалдык жана мобилизациялык резервдерди башкаруу

64.   

Мамлекеттик материалдык резервдин жооптуу сактоочуларын контролдоо

Жооптуу сактоочуну текшерүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо, жетишсиздикти, сапаттын же сактоо шарттарынын талаптарга жооп бербегенин жана башка бузууларды жашыруу, ошондой эле каралган чараларды көрбөө.

Системалык

Жогорку

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду

Жетекчилер, инспекторлор жана адистер, текшерүү комиссияларынын мүчөлөрү, текшерүүнүн жыйынтыктарын бекиткен адамдар

Жок

65.   

Мобилизациялык резервдин комплекттелишин контролдоо

Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын комплекттелиши, бар болушу жана абалы жөнүндө маалыматтарды бурмалоо, жетишсиздикти же белгиленген талаптарга жооп бербеген жагдайларды жашыруу.

Системалык

Жогорку

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду

Жетекчилер, эсепке алуу жана контроль боюнча адистер, текшерүү комиссияларынын мүчөлөрү, материалдык жооптуу адамдар

Жок

66.   

Мамлекеттик материалдык резервди башкаруу

Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын бар болушу, саны, сапаты жана сакталышы жөнүндө маалыматтарды бурмалоо, жетишсиздикти, жоготууларды же сактоо шарттарына ылайык келбеген жагдайларды жашыруу.

Системалык

Жогорку

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду

Жетекчилер, эсепке алуу жана сактоо боюнча адистер, материалдык жооптуу адамдар, комиссиялардын мүчөлөрү жана отчеттуулукту бекиткен адамдар

Жок

67.   

Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоо, жаңылоо, алмаштыруу жана сактоо

Жетишсиздикти, жоготууну, бузулууну же сактоо мөөнөтүнүн өтүп кетишин жашыруу, материалдык баалуулуктарды негизсиз өз убагында жаңылабоо же алмаштырбоо, же айрым адамдардын кызыкчылыгында берүүчүнү же операцияны тандоо.

Системалык

Жогорку

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду

Жетекчилер, адистер, комиссиялардын мүчөлөрү, материалдык жооптуу адамдар, баалуулуктарды сатып алуу, кабыл алуу, сактоо, жаңылоо жана алмаштыруу үчүн жооптуу кызматкерлер

Жок

68.   

Мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу

Жетиштүү укуктук жана иш жүзүндөгү негиздерсиз мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын чыгаруу, айрым субъекттердин кызыкчылыгында алуучулардын көлөмүн же кезектүүлүгүн өзгөртүү.

Системалык

Жогорку

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду, комиссиялар

Жетекчилер, адистер, комиссиялардын мүчөлөрү, материалдык жооптуу адамдар, баалуулуктарды чыгаруу жөнүндө чечимдерди даярдаган жана аткарган кызматкерлер

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (белгиленген учурларда)

Мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык жана келишимдик иши

69.   

Мамлекеттик ишканалардын өнүгүүсүнүн стратегиялык пландарын жана жылдык бюджеттерин иштеп чыгуу, макулдашуу, аткаруу жана алар боюнча отчет берүү

Мамлекеттик ишканалардын стратегиялык пландарына жана бюджеттерине негизсиз чыгымдарды киргизүү, чыгымдарды көбөйтүү же кирешелерди азайтуу, отчеттуулукту бурмалоо же айрым адамдардын кызыкчылыгында документтерди үстүртөн макулдашуу.

Системалык

Жогорку

Кыргыз Республикасынын ӨКМге караштуу мамлекеттик ишканалар

Мамлекеттик ишканалардын жетекчилери жана алардын орун басарлары, бухгалтерлер жана финансисттер, пландарды жана отчетторду даярдаган адистер, аларды макулдашкан Кыргыз Республикасынын ӨКМинин кызмат адамдары

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (өз компетенциясынын чегинде)

70.   

Мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык жана келишимдик иши

Аффилирленген же алдын ала аныкталган контрагенттер менен келишимдерди түзүү, ишкананын кызыкчылыгына зыян келтирген экономикалык жактан негизсиз шарттарда мүлк сатып алуу, иштерди аткаруу же кызматтарды көрсөтүү.

Системалык

Жогорку

Кыргыз Республикасынын ӨКМге караштуу мамлекеттик ишканалар

Мамлекеттик ишканалардын жетекчилери жана алардын орун басарлары, бухгалтерлер жана финансисттер, сатып алуу жана келишимдер боюнча адистер, юристтер, бүтүмдөрдү макулдашкан адамдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (өз компетенциясынын чегинде)

71.   

Мамлекеттик ишканалардын кирешелерин, пайдасын, субсидияларын, максаттуу ассигнованиелерин жана карызга алынган каражаттарын пайдалануу

Кирешелерди, пайданы, субсидияларды, максаттуу ассигнованиелерди же карызга алынган каражаттарды максатсыз пайдалануу, чыгымдарды жогорулатып көрсөтүү, экономикалык жактан негизсиз иш-чараларды каржылоо же иш жүзүндөгү финансылык натыйжаны жашыруу.

Системалык

Жогорку

Кыргыз Республикасынын ӨКМге караштуу мамлекеттик ишканалар

Мамлекеттик ишканалардын жетекчилери жана алардын орун басарлары, башкы бухгалтерлер, финансисттер, каражаттарды тескөөчүлөр, чыгымдарды макулдашкан адамдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (өз компетенциясынын чегинде)

72.   

Мамлекеттик ишканалардын мүлкүн башкаруу, эсепке алуу, пайдалануу, ижарага берүү, эсептен чыгаруу жана сактоо

Мүлктү жашыруу, пайдаланууга жарактуу активдерди негизсиз эсептен чыгаруу, мүлктү үчүнчү жактарга төмөндөтүлгөн баада же башка негизсиз пайдалуу шарттарда берүү, же мүлктү жеке же коммерциялык кызыкчылыктарда пайдалануу.

Системалык

Жогорку

Кыргыз Республикасынын ӨКге караштуу мамлекеттик ишканалар

Жетекчилер, бухгалтерлер, материалдык жооптуу адамдар, эсептен чыгаруу жана өткөрүп берүү боюнча комиссиялардын мүчөлөрү, мүлк менен операцияларды макулдашкан адамдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (өз компетенциясынын чегинде)

73.   

Мамлекеттик ишканалар көрсөткөн товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын наркын белгилөө

Мамлекеттик ишкананын товарларынын, жумуштарынын жана кызматтарынын баасын негизсиз жогорулатуу же төмөндөтүү, бекитилбеген арзандатууларды же жеңилдиктерди колдонуу, же тийиштүү эсепке алуусуз жана төлөмсүз кызмат көрсөтүү.

Системалык

Жогорку

Кыргыз Республикасынын ӨКМге караштуу мамлекеттик ишканалар

Жетекчилер, экономисттер жана финансисттер, бухгалтерлер, наркты жана кызмат көрсөтүү шарттарын эсептеген, макулдашкан жана бекиткен адамдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (өз компетенциясынын чегинде)

74.   

Мамлекеттик ишканалар тарабынан авариялык-калыбына келтирүү, курулуш жана оңдоо иштерин аткаруу

Авариялык-калыбына келтирүү, курулуш жана оңдоо иштеринин көлөмдөрүн, наркын жана мөөнөттөрүн жогорулатып көрсөтүү; иш жүзүндө аткарылбаган же сапатсыз аткарылган иштерди тариздөө жана алар үчүн төлөм жүргүзүү.

Системалык

Жогорку

Кыргыз Республикасынын ӨКМге караштуу мамлекеттик ишканалар

Жетекчилер, инженерлер, сметачылар, техникалык көзөмөл боюнча адистер, кабыл алуу комиссияларынын мүчөлөрү, аткарылган иштердин актыларына кол койгон адамдар

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (тиешелүү долбоорго же иштерге катышкан учурда)

Авиациялык иш жана авиациялык-куткаруу камсыздоосу

75.   

Келишимдик негизде авиациялык кызматтарды көрсөтүү

Авиациялык кызматтар боюнча ишкана үчүн негизсиз пайдасыз шарттарда келишим түзүү, кызматтардын наркын төмөндөтүү, кызматтарды эсепке албай көрсөтүү же объективдүү негизсиз айрым буюртмачыга артыкчылык берүү.

Системалык

Жогорку

АИКК, Авиациялык ишкана

Ишкананын же бөлүмдүн жетекчилери, келишимдик жана финансылык иштер боюнча адистер, учуу жана диспетчердик курам, келишимди макулдашкан жана аткарган адамдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (жарандык авиацияга тиешелүү бөлүгүндө жана өз компетенциясынын чегинде)

76.   

Авиациялык иштер жана авиациялык-куткаруу камсыздоосу

Тиешелүү кызматтык же келишимдик негиздерсиз жана эсепке албай аба кемелерин, учуу убактысын, күйүүчү майды жана башка авиациялык ресурстарды айрым адамдардын же уюмдардын кызыкчылыгында пайдалануу.

Системалык

Жогорку

АИКК, Авиациялык ишкана

Жетекчилер, учуу курамы, диспетчерлер, эксплуатация боюнча адистер, аба кемелерин жана ресурстарды пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алган адамдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (өз компетенциясынын чегинде)

77.   

Авиациялык техниканы тейлөө, оңдоо, сатып алуу жана материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү

Оңдоонун, запастык бөлүктөрдүн, кызматтардын жана сарпталуучу материалдардын наркын жогорулатып көрсөтүү, иш жүзүндө аткарылбаган оңдоо иштерин кабыл алуу же авиациялык техниканын абалы жана материалдык-техникалык базанын өнүгүшү жөнүндө маалыматтарды бурмалоо.

Системалык

Жогорку

АИКК, Авиациялык ишкана, сатып алуу бөлүмдөрү

Жетекчилер, техникалык адистер, сатып алуу боюнча адистер, кабыл алуу комиссияларынын мүчөлөрү, оңдоону, сатып алууну жана кабыл алууну макулдашкан адамдар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (өз компетенциясынын чегинде)

Коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу

78.   

Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен өз ара аракеттенүү

Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу органга толук эмес же бурмаланган маалыматтарды берүү, материалдарды жана долбоорлорду макулдашууга өз убагында жөнөтпөө же аныкталган тобокелдиктерди жашыруу.

Потенциалдуу

Орто

Укуктук камсыздоо башкармалыгы, түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр

Жетекчилер, Укуктук камсыздоо башкармалыгы, коррупциянын алдын алуу үчүн жооптуу кызмат адамдары, маалыматтарды түзгөн жана жөнөткөн аткаруучулар

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы

79.   

Коррупциялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана аларды актуалдаштыруу

Функцияларды жана административдик жол-жоболорду иш жүзүндө инвентаризациялабастан Тизмени үстүртөн кайра кароо, аныкталган тобокелдиктерди жетиштүү негиздемесиз алып салуу же маалыматтарды актуалдаштыруу боюнча чараларды көрбөө.

Потенциалдуу

Орто

Түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр

Түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук караштуу бөлүмдөрдүн жетекчилери, коррупциянын алдын алуу үчүн жооптуу кызмат адамдары, тобокелдиктерди баалоо боюнча жумушчу топтордун мүчөлөрү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы

 

Эскертүү: ушул Тизме Кыргыз Республикасынын коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кайра каралууга жана актуалдаштырылууга тийиш.