Редакцияот 28.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 28-октябры № 814-т

 

Авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу чараларын күчөтүү жана мамлекеттик органдардын биргелешкен ишин координациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 462-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

Тиркеме

 

1-тиркеме

 

Авиациялык коопсуздук, абада ташууларда формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү, учуулардын коопсуздугу боюнча ведомстволор аралык комитеттин курамы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жарандык авиация маселелерин тейлеген орун басары, ведомстволор аралык комитеттин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, ведомстволор аралык комитеттин катчысы.

 

Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрү:

 

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары;

«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине караштуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору.».