Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 6-октябры №1
Чаек айыл аймагы боюнча Элдик Курултайга айыл аймагынан
делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 03-сентябрындагы “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №309 Жарлыгы менен аныкталган 2026-жылдын 18-декабрында өтүлүүчү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө, Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо IV Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык уюштуруу жөнүндө маселени карап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына жарандарды шайлоо боюнча Чаек айыл аймагы 1-тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бөлүнсүн
2. Чаек айыл аймагы боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынындагы жарандардын жалпы саны 80 адамдан түзүлсүн.
3. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу жарандардын өкүлчүлүктүн ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарындагы жарандарды шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча 7 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны Жумгал райондук администрациянын имаратында 2026-жылдын 24-октябрында саат 11.00 дө өткөрүү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Муталиев |
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-октябрь 2026-жылдагы №1 токтомуна №1 тиркеме
Чаек айыл аймагынын калктуу конуштарын
бөлүктөргө бөлүү ченемдери
Жооптуу катчы: А.Дөөлөтжанов
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-октябрь 2026-жылдагы №1 токтомуна №2 тиркеме
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча графиги жана алардан шайлануучу жарандардын өкүлчүлүктүү ченемдери
№ | Жыйындын өткөрүү орду | Өткөрүү убактысы | Жарандардын өкүлчүлүктүү ченемдери | Жооптуулар
|
1 | Ак-Татыр айылы, Чукур-Аксеки айылы; Айыл өкмөттүн имараты | 8.10.2026-ж саат 10.00 | 23 жаран 16 эркек 7 аял | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
2 | Шортон айылы, Кара-Жээк айылы, Чаек-центр Соң-Көл кинотеатрынын алды | 8.10.2026-ж саат 14.00
| 29 жаран 20 эркек 9 аял | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
3 | Беш-Терек айылы, Кызыл-Жылдыз айылы К.Акыев атындагы орто мектеби | 9.10.2026-ж саат 10.00
| 14 жаран 10 эркек 4 аял | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
4 | Көк-Ой айылы, Арал айылы, Кичи-Арал айылы Көк-Ой айылынын клубу | 9.10.2026-ж саат 14.00
| 14 жаран 10 эркек 4 аял | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
Жооптуу катчы: А.Дөөлөтжанов
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-октябрь 2026-жылдагы №1 токтомуна №3 тиркеме
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарынын өкүлдөрүн шайлоо боюнча ар бир жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси:
1.Ак-Татыр айылы, Чукур-Аксеки айылы боюнча жооптуу- Р. Муктарова, Т. Акматов, Б. Абаев.
2.Шортон айылы, Кара-Жээк айылы, Чаек-Центр боюнча жооптуу- М.Оторбаев, К.Сейдакматов, Ж.Рысалиева, Ж.Тыналиева, К.Чалов, Э.Самудинова, Н.Шамырканов
3.Беш-Терек айылы, Кызыл-Жылдыз айылы боюнча жооптуу –Н.Мамбеткулова , Б.Кыдырмаев, Э.Кулманов, Э.Абдылдаев.
4.Көк-Ой айылы, Арал айылы, Кичи-Арал айылы боюнча жооптуу –А.Жапаров, Э.Кыйбатбек уулу, В.Кадиева, Э.Көчөрова.
Жооптуу катчы: А.Дөөлөтжанов
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-октябрь 2026-жылдагы №1 токтомуна №4 тиркеме
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы:
-Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Муталиев Алтай –комитеттин төрагасы;
- Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы-комитеттин катчысы А.Дөөлөтжанов;
Мүчөлөрү:
-Айыл өкмөтүнүн соц.адиси- С.Касымбекова
-Айыл башчы-М.Асаналиев
-Айыл башчы-У.Асанбеков
-Айыл башчы-Т. Акматов
-Демилгелүү топ- Д.Отунчиева
Жооптуу катчы: А.Дөөлөтжанов
Чаек айыл аймагынын айылдык
Кенешинин кезектеги I
сессиясынын 6-октябрь 2026-жылдагы №1 токтомунун №5 тиркемеси
Чаек айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүлүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Чаек айылы | Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын алдында | 24.10.2025-ж саат 11.00
| Жергиликтүү кеңеш, жарандардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Жооптуу катчы: А.Дөөлөтжанов