Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 6-октябры №2
Чаек айыл аймагындагы айкелдерди күтүү тартиби жөнүндө ЖОБО ну бекитүү жана мурда орнотулган тарыхый-маданий эстеликтерди (айкелдерди) муниципалдык менчикке кабыл алуу, каттоого алуу жана мындан ары коомдук жайларда эстеликтерди орнотууну жөнгө салуу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» 2-беренесине Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Тарыхый маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык "Чаек айыл аймагынын аймагындагы тарыхый-маданий эстеликтерди (айкелдерди) муниципалдык менчикке кабыл алуу, каттоого алуу жана мындан ары коомдук жайларда эстеликтерди орнотууну жөнгө салуу жөнүндө"угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешининин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» 2-беренесине Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине , Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Тарыхый маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык "Чаек айыл аймагындагы айкелдерди күтүү тартиби жөнүндөгү ЖОБО бекитилсин жана келишимдин үлгүсү жетекчиликке алынсын.
Тиркеме: 1. Коомдук жайларда айкелдерди күтүү тартиби жөнүндө жобо 4 баракта, 1 нускада.
2. Келишимдин үлгүсү 2 баракта, 1 нускада.
2. Чаек айыл аймагындагы айкелдерди күтүү тартиби жөнүндө ЖОБО нун талаптарына ылайык, Чаек айылындагы тарыхый инсандардын аллеясындагы мурда орнотулган эстеликтерди реставрациялоо, инвентаризациялоо жана коомдук коопсуздук максатында, кээ бир айкелдер кызыл линияга чыгып калгандыктан көчүрүү иштери (көчүрүлгөндүгү) боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссияга маалымат иретинде билдирүү (уведомление) жөнөтүлсүн.
3.Чаек аймагындагы тарыхый-маданий эстеликтерди (айкелдерди) муниципалдык менчикке кабыл алуу, каттоого алуу жана мындан ары коомдук жайларда эстеликтерди орнотууну жөнгө салуу максатында мурда ашар же демөөрчүлөр тарабынан курулуп бирок баланска кирбей калган айкелдер боюнча атайын комиссия түзүлүп такталып, инвентаризациялоо жана баалоо актысы түзүлүп, муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин Саламаттыкты сактоо, социалдык жактан коргоо, маданият жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |
№1 тиркеме
Чаек айылдык кеңешинин 2026-жылдын
6- октябрдагы
№ 2 токтому менен бекитилген
Чаек айыл аймагында айкелдерди (стелаларды, мемориалдык такталарды, обелисктерди) долборлоонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө жобо
I. Жалпы жобо
1.Ушул жобо Чаек айыл аймагындагы айкелдерди долборлоо жана орнотуу процесстерин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.
2.Ушул жобо Чаек айыл аймагындагы айкелдерди долборлоонун,орнотуунун эсепке алуунун жана тейлөөнун тартибин аныктайт.
3. Эскиздик долбоор жер участогунда обьектти оптималдуу жайгаштырууну тандоого жана андан ары долборлоо үчун шарттарды жана талаптарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр менен обьекттин негизги функционалдык-пландоо жана көлөмдүк-мейкиндик параметрлерин аныктоочу келечектеги объект жөнүндө жалпы түшүнүк берүүчү долбоордук чечимдердин баштапкы баскычы.
4. Айкелдерди долборлоо, даярдоо жана орнотуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, “Кыргыз Республикасынын шаар курруу мыйзамдарыныны негиздери жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
5. Монументалдык даңазалоонун республикалык планына киргизилбеген, шаар куруу документтерине, жер пайдалануу жана куруу эрежелерине, ошондой эле ушул жобонун талаптарына ылайык келбеген Айкелдерди орнотууга жол берилбейт.
6. Айкелдерди бир администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында кандай болбосун жолу менен Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, илим, маданият ишмерлеринин жана башка адамдардын, баатырдык көрсөткөн адамдардын, чет өлкөлүк жарандардын, маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка баатырларынын элесин түбөлүккө калтырууга бир жолу жол берилет.
II. Айкелдерди орнотуу жөнүндө маселелерди кароонун жана чечүүнүн тартиби
7.Айкелдерди орнотуу жөнүндө демилгечилердин сунуштары Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен түзүлгөн ыйгарым укуктуу комиссия (мындан ары комиссия) тарабынан каралат, ал жөнүндө жобо Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтому менен бекитилет.
8. Комиссия демилгечилерден келип түшкөн төмөндөгүдөй документтерди карайт;
1) Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын, уюмдардын, мекемелердин, 100 дөн кем эмес демилгечилерден турган жарандардын тобунун өтүнүчү;
2) тарыхый же тарыхый-биогрофиялык маалымкатты, окуянын аныктыгын же элеси түбөлүккө калтырылуучу адамдын синирген эмгегин ырастаган архивдик документтердин көчүрмөлөрүн, мемориалдык тактадагы жазууда камтылган фактыларды,ошондой эле элесин калтыруу түбөлүккө зарылдыгын ырастаган маалымкаттарды;
3) обьектинин жайгашкан жери анын курулушунун өлчөмү жана мүнөзү белгиленген карта-схемасы;
4) Элеси түбөлүккө калтырылуучу адамдын жашаган мезгилин көрсөтүү менен жарандык административдик –аймактык бирдиктин аймагында жашаган мезгили жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын архивдик маалымкатын;
5) ушул жобого ылайык бекитилген эстеликтин алдын ала эскизин жана андагы жазуулар боюнча сунуштарды;
6) Имараттын,курулуштун,курулманын менчик ээсинин же башка ээсинин, жер участогунун укук ээсинин Айкелди орнотууга макулдугунун жазуу жүзүндөгү ырастамасын;
7) эгерде эстеликти орнотуу үчүн көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн пайдалануу боложолдонсо, көп батирлүү үйдөгү менчик ээлеринин Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде белгиленген тартипте алынган макулдугун берүү зарыл;
8)демилгечилердин ишти каржылоо боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси жана келишими;
9) Комиссия сунушту кароонун натыйжалары боюнча Эстеликти орнотуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө сунуштамаларды даярдайт жана аларды Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын бекитүүсүнө жиберет, ал Эстеликти (айкелди) орнотуу же аны орнотуудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат.
10) Эгерде Эстелик (айкел) Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, баатырдык көрсөткөн адамдардын, чет өлкөлүк жарандардын, маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка баатырларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатын көздөбөсө, аны орнотуу жөнүндө чечим комиссия тарабынан кабыл алынат.
11) Эстеликтерди (айкелдерди) долбоорлоону жана орнотууну баштоо үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын чечими саналат.
12) Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оң чечиминин негизинде Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Эстеликти (айкелди) орнотуу жөнүндө зарыл болгон чечимдерди кабыл алат.
13) Комиссия тарабынан сунуштарды кароонун жана демилгечиге жүйөлүү жооп берүүнүн жалпы мөөнөтү демилгечинин сунушу келип түшкөн учурдан тартып 30 календарлык күндөн ашпоого тийиш.
III. Айкелдерди жасоо,орнотуу жана аларды демонтаждоо
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча орнотулуучу эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди жана башка мемориалдык курулмаларды кошпогондо, айкелдерди жасоо жана орнотуу жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугун массалык чогултуунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
10. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оң чечиминин негизинде Эстеликтерди орнотуу Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүүчү мыкты эскиздик долбоорго алдын ала өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат.
11. Ар бир конкурсту өткөрүүнүн тартиби, Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан бекитилет. Чаек айыл аймагындагы айкелдерди орнотууга мүмкүн болгон жерлердин тизмеси Жумгал райондук шаар курулуш архитектура башкармалыгынын документтерине ылайык Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
12. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин комиссиясы конкурста жеңип чыккан эскиздик долбоорду 30 календардык күндүн ичинде Жумгал райондук шаар курулуш архитектура башкармалыгынын документтерине шайкештигине мамлекеттик экспертизадан өткөрүү үчүн, ошондой эле тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын көркөм эксперттик кеңеши тарабынан бекитүүгө жөнөтөт.
13. Кыргыз Республикасынын маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын көркөм эксперттик кеңеши, шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген мыкты эскиздик долбоорго конкурстун жыйынтыгынын негизинде конкурстун жеңүүчүсү тарабынан жумушчу долбоор иштелип чыгышы мүмкүн.
14. Долбоорду жана Айкелдерди орнотулуучу ордун макулдашууда төмөнкү талаптар коюлат.
1)Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жайгаштырууну милдетүү эсепке алуу;
2) Айкелди жер участогуна жайгаштырган учурда шаар куруу кырдаалын,айланадагы курулуштарды жана шаар куруу мумкүнчүлүктөрүнө жараша жайгаштырууну милдетүү эсепке алуу;
3) мемориалдык тактанын өлчөмү жайгаштырылуучу маалыматтын көлөмү менен аныкталат жана алар орнотулуп жаткан имаратка, курулушка, курулмага шайкеш келүүгө, бирок 900*600мм өлчөмүнөн ашпоого тийиш;
4) мемориалдык тактаны имараттын, курулуштун жана курулманын фасадына жайгаштырууда мурда орнотулган обьекттердин бар экендиги эске алынат. Мемориалдык тактанын жанында мемориалдык тактанын тексти менен байланышпаган башка маалыматтар (мекемелердин көрнөктөрдү, жарнактар, кулактандыруулар ж.б) болбоого тийиш;
5) мемориалдык такта жерден эки метрден кем эмес бийиктикте жакшы көрүнгөн жерге орнотулууга тийиш;
6) Айкелдерди жайгаштырууда мурда орнотулган обьектердин болушу эске алынат жана алардын ортосундагы аралык 1000 метрден кем эмес радиуста сакталат;
7) Айкелдер белгиленген тартипте макулдашылган эскиздик долбоорлор боюнча бышык материалдардан (табигый таш, металл, эритме, тышкы таасирлерге туруштук берген башка метериалдар) жасалат.
15. Тарыхый окуянын мааниси, инсандын синирген эмгеги баатырдын маанилүүлүгү мемориалдык тактада көркөм аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде аткарылат. Чет тилиндеги жазууга жол берилбейт.
16. Мемориалдык такталардын композициясында тексттен тышкары унутулгус окуяларды, декоративдик элементтерди чагылдырган портреттик же стилдештирилген сүрөттөлүштөр киргизилиши мүмкүн.
17. Айкелдердин архитектуралык-көркөм чечими алар орнотула турган жердин мүнөзүнө, алар жаны элемент катары киргизилип жаткан чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүнө карама-каршы келбеши керек.
18. Айкелдерди демонтаждоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт.
1) Айкелдерди ондоо жана реставрациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө;
2) Эстеликтер толук бузулганда жана ондоо иштерин жүргүзүү мүмкүн болбогондо;
3) мемориалдык такта орнотулган имарат, курулуш жана курулма бузулганда;
4) Айкел өзүм билемдик менен орнотулган обьект катары таанылган учурда.
19. Кароонун зарыл болгон жол-жоболорунун комплексинен өтпөстөн өзүм билемдик менен орнотулган айкелдер, өзүм билемдик менен орнотулган обьекттер болуп саналат жана ушул Жободо каралган тартипте демонтаждалууга тийиш.
Бул учурда демонтаждоо жана аймакты көрктөндүрүү боюнча чыгымдар Эстеликти орнотуунун демилгечилери тарабынан каржыланат.
20. Баланс кармоочу Эстеликти демонтаждаганда анын сакталышын жана оңдоо-реставрациялоо иштери аяктагандан кийин мурдагы ордуна орнотулушун камсыз кылат.
21. Мемориалдык такталарды монтаждоо, демонтаждоо боюнча иштердин жүрүшүндө алар орнотулган имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын декоративдик элементтерин бузууга же жок кылууга жол берилбейт.
IV. Айкелдерди сактоонун жана эсепке алуунун тартиби.
22. Имараттар, курулушка жана курулмага орнотулган мемориалдык такта анын ажырагыс көркөм-архитектуралык элементи болуп саналат.
23. Чаек айыл аймагында жайгашкан Айкелди мунипициалдык башкарууга өткөрүп берген учурда муниципалдык кызматтар тарабынан андан аркы учурдагы күтүү үчүн курулушу бүткөн Айкелди тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү акты менен кабыл алуу жол жобосу милдетүү.
Чаек айыл аймагында орнотулган Айкелдер Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруусуна өткөрүлүп берилет, алар эсепке алынат, бирдиктүү реестрди түзөт, белгиленген Айкелдерди коргоону, күтүүнү жана ондоону жүзөгө ашыруу үчүн демилгечилер менен келишим түзөт.
Төрага: А.Муталиев
Чаек айылы « » ____________ 2026-ж.
Мындан ары «Айыл өкмөтү» деп аталуучу, бир тараптан Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилов Актан аркылуу жана мындан ары «Демилгечи» деп аталуучу, экинчи тараптан КР жараны __________________________________________________ , Төмөндөгүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1.1. Ушул Келишимге ылайык, Айыл өкмөтү Демилгечиге өзүнүн жакынынын (тууганынын) элесин түбөлүккө калтыруу максатында __________________________________________________ (ОБЪЕКТТИН ДАРЕГИ ЖАНА АТАЛЫШЫ) дарегинде жайгашкан коомдук жайда (парк, аллея, көчө ж.б.) эстелик (айкел/мемориалдык белги) орнотууга уруксат берет.
1.2. Демилгечи орнотулган эстеликти (айкелди) жана анын айланасындагы бөлүнгөн аймакты күтүү, тейлөө (актоо, сырдоо, оңдоо, тазалоо) жумуштарын толугу менен өзүнүн жеке каражатынын эсебинен өз убагында аткаруу милдетин моюнга алат.
2.1. Демилгечи милдеттүү:
· 2.1.1. Эстеликти (айкелди) орнотуу иштерин өз каражатына, бекитилген долбоорго жана эстетикалык нормаларга ылайык жүргүзүүгө;
· 2.1.2. Жылына кем эмес 2 (эки) жолу (жазгы жана күзгү мезгилде же айыл өкмөтүнүн талабы боюнча) эстеликти актоо, сырдоо, калыбына келтирүү (реставрация) жумуштарын жеке эсебинен каржылоого жана аткарууга;
· 2.1.3. Эстеликтин айланасындагы (бекитилген радиустагы) аймакты таза кармоого, таштандылардан тазалап турууга;
· 2.1.4. Эстеликти күтүү, тейлөө жана оңдоо иштери үчүн Айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат талап кылбоого.
2.2. Айыл өкмөтү милдеттүү:
· 2.2.1. Демилгечиге эстелик орнотуу үчүн ушул келишимде көрсөтүлгөн жер тилкесин (коомдук жайды) өз убагында аныктап берүүгө;
· 2.2.2. Келишимдин шарттары так аткарылып жаткан учурда, эстеликтин сакталышына негизсиз тоскоолдуктарды жаратпоого.
2.3. Айыл өкмөтүнүн укуктары:
· 2.3.1. Эстеликтин сырткы көрүнүшүнө, тазалыгына жана убагында сырдалып-акталышына туруктуу көзөмөл (мониторинг) жүргүзүүгө;
· 2.3.2. Эгерде эстелик кароосуз калып, сырткы көрүнүшү бузулса же айланасы таштандыга толсо, Демилгечиге _10_ күн ичинде кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү талаптарын берүүгө;
· 2.3.3. Коомдук муктаждыктар же айылды башкы план (генплан) боюнча реконструкциялоо зарылчылыгы келип чыккан учурда, эстеликти башка жерге көчүрүү маселесин Демилгечи менен биргеликте кароого.
3.1. Демилгечи ушул Келишимдин 2.1.2-пунктундагы милдеттерин аткарбаса (актоо, сырдоо жумуштары жасалбаса) жана Айыл өкмөтүнүн расмий эскертүүсүнөн кийин __10___ күн ичинде кемчиликтерди жойбосо, Айыл өкмөтү эстеликти өз алдынча демонтаждоо (алып салуу) укугуна ээ. Мындай учурда кеткен чыгымдар Демилгечиден сот тартибинде өндүрүлөт.
3.2. Үчүнчү тараптардын (вандализм, уурулук) же табигый кырсыктардын (жер титирөө, шамал ж.б.) кесепетинен эстеликке зыян келтирилсе, аны калыбына келтирүү чыгымдарын Айыл өкмөтү моюнга албайт. Калыбына келтирүү Демилгечинин эсебинен жүргүзүлөт.
4.1. Ушул Келишим тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана мөөнөтсүз (же _____ жылга чейин) деп эсептелет.
4.2. Демилгечи өзүнүн ден соолугуна же башка жагдайларга байланыштуу бул милдеттенмени аткара албай калган учурда, ушул Келишим боюнча укуктарды жана милдеттерди (эстеликти багууну) өзүнүн мыйзамдуу мураскерлерине (балдарына, туугандарына) өткөрүп берүүгө милдеттүү. Өткөрүп берүү тууралуу Айыл өкмөтүнө жазма түрүндө билдирилет.
5.1. Тараптардын ортосунда келип чыккан бардык талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
5.2. Сүйлөшүүлөр аркылуу келишимге келе албаган учурда, маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каралат.
6. ТАРАПТАРДЫН РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛДОРУ
Айыл өкмөт Демилгечи