Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 6-октябры №3
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 6-октябры №3
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияалары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Ишенбаева Аида Токтобековна, Абышев Рахат Шүкүралиевич, Аманалиев Жолдошбек Абазканович, Жанышбек кызы Заракандын талапкерликтери сунушталсын.
3. Чаек айыл аймагынын 4119 шайлоо участкасынын комиссиясынын резервине Кудайбергенова Жыпариса Абдыназаровнанын талапкерлиги сунушталсын.
4. Жогорудагы сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынан суралсын.
5.Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп “chaek-aimak.kg” сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдиловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |