Редакцияот 06.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 6-октябры   №3

 

  ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 6-октябры   №4

 

   Нарын облусунун Тенир тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34- беренесин жетекчиликке алып, Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча Нарын облусунун Тенир тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:

1. Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча Нарын облусунун Тенир тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго төмөндөгү доолборлорду каржылоого макулдук берилсин.

1) Т.Турсунбаева жалпы билим берүү мектебин көрктөндүрүү жана материалдык-

    техникалык базасын чыңдоо.

2) Т.Турсунбаева жалпы берүү мектебинин окуу классын заманбап жабдуу жана

    эмеректер менен камсыздоо

 

2. Жогорудагы сунушталган долбоорлордун Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылана турган өздүк салымынын үлүшү долбоордун жалпы наркынын 1% түзөт

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдиловго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А. Муталиев