Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-сентябры № 654
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тизмегинде:
– 2-главанын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 19-пунктча менен толукталсын:
«19) Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |