КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 17-октябры № 359
Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурасын сактоого, тарыхый, архитектуралык жана коомдук мааниге ээ объекттерди реконструкциялоого жана модернизациялоого багытталган демилгелерди колдоо, аталган объекттерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстарды тартууда мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:
1. "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объекттерин сактоо жана реставрациялоо боюнча фонд" коомдук фонду түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси:
1) "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объекттерин сактоо жана реставрациялоо боюнча фонд" коомдук фондунун уставын жана байкоочу кеңешинин курамын бекитсин;
2) бул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |