Редакцияот 22.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 22-октябры № 804-т

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин финансылык каражаттарды максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 700-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган тескеменин тиркемесинде:

6-пункттун «Финансылык каражаттарды алуучу» графасындагы «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев