Распоряжение Кабинета Министров КР 2026-жылдын 27-июлундагы № 567-т (Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча жумуштарды берүүчүлөрдү (подрядчылар) аныктоо тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-июлу № 567-т
Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 257 тескемесине, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча жумуштарды берүүчүлөр (подрядчылар) болуп аныкталсын:
1) «Су-4 Кара-Балта» жоопкерчилиги чектелген коому – Аалы Токомбаев проспектинен Зверохозяйство көчөсүнө чейин (көпүрөгө чейин) долбоорлонуучу көчөнүн участогунда;
2) «Айла Дор Гранд» жоопкерчилиги чектелген коому – Махатма Ганди көчөсүнөн Ала-Арча көчөсүнө чейин долбоорлонуучу көчөнүн участогунда.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул тескеме эки жыл ичинде колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |