Редакцияот 13.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2021-жылдын 13-сентябрындагы № 5/10

 

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Күнгөй айылындагы жаңы ҮДТнын курулушуна жылытуу системасын киргизүү, тегерегин тосуу жанана көмүркана ж.б. кошумча курулуштарды куруу жана Кара-Саз айылындагы "АТА” бала бакчасынын оңдоп-түзөө иштери үчүн жергиликтүү бюджеттин сметас тасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Күңгөй айылындагы жаңы ҮДТнын курулушуна жылытуу системасын киргизүү, тегерегин тосуу, көмүркана ж.б. кошумча курулуштарды куруу жана Кара-Саз айылындагы "АТА" бала бакчасынын оңдоп-түзөө иштери үчүн жергиликтүү бюджеттин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Т.Талантбек уулунун сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кош-Дөбө аймактык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Күңгөй айылындагы жаңы ҮДТнын курулушуна жылытуу системасын киргизүү, тегерегин тосуу, көмүркана ж.б. кошумча курулуштарды куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин сметасына өзгөртүү киргизилсин жана Кара-Күнгөй клубунун ремонту үчүн каралган 13,3 миң сом, Кара-Саз айылдык китепканасынан 10,0 сом кыркартылып, Кара-Күңгөй айылындагы жаңы ҮДТнын жаңы имаратына жумшалсын.

2. Кара-Саз айылындагы "АТА" бала бакчасынын оңдоп-түзөө иштери үчүн 70111 бөлүмүнөн атайын каражаттын 2211 статьясынан 10 миң сом кыскартылып берилсин.

3. Аталган курулуш жумуштарынын сметасын түзүп берүү жагы Кочкор райондук архитектурадан суралсын.

4. Сметада көрсөтүлгөн акча каражатынын жетпей калган суммасын айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн статьяларынан издеп табуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБге милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулуна тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Б.Казиев