КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IV -сессиясы
2021-жылдын 28-июнундагы № 4/8
Кара-Саз айылынын жаштарынын демилгеси менен атындагы С.Орозбако орто мектебинин аянтчасына ашар жолу менен кичи футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Кара-Саз айылынын жаштарынын демилгеси менен С.Орозбаков атындагы орто мектебинин аянтчасына ашар жолу менен кичи футбол аянтчасын куруу менен жаштарды ынтымакка туура жолго тарбиялоо максатында айтылган сунушту угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Кара-Саз айылынын жаштарынын демилгеси менен С.Орозбаков атындагы орто мектебинин аянтчасына ашар жолу менен кичи футбол аянтчасын курууга айыл өкмөтүнүн атайын эсебиндеги кошумча түшкөн 200 миң сомдун сметасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Кочкор башкармалыгына кат жүзүндө кайрылуу менен акча каражатына кошумча план суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы С.Капаровго тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Казиев |