Редакцияот 29.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

АЛТЫН-АРАШАН

АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

Айылдык кеңеши

                                                    

                                                   Т О К Т О М

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2026жылдын   9   октябрь     № 40                         

Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу

Султангазы Ата  ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

        Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш, Жолколот айылынын тургуну Султангазиев Нурлан Самудинович, Жолколот айылындагы Ворошилова көчөсүнүн атын өзгөртүп, Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу Усубакун уулу Султангазынын ысымын ыйгарууга уруксат берүү боюнча арызы,  Кыргыз Республкасынын  “Географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, каттоо жана эсепке алуу боюнча” жобосунун 7 п. жетекчиликке алып, Муниципалдык менчик жаратылыш ресурстары экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбалар маселелер боюнча комиссиясынын корутундусун талкуулап, таанышып   Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш токтом кылат:

 

       1.Жолколот айылындагы Ворошилова көчөсүнүн атын өзгөртүп, Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу Усубакун уулу Султангазынын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин

      2.Ушул токтомду Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын, каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн тийешелүү юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Ж.Батамбековага милдеттендирилсин

     3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеӊештин жер боюнча  туруктуу  комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге  жүктөлсүн.

 

Төрага                                   А. Р Токомбаев