ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 21-сентябры № 147/22-6
Сулайманкулов көчөсүндөгү суу түтүктөрүн алмаштырууга 2 968 860 сом жана 500 000 сом бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жана Токмок шаардык кеӊешинин “2026-жылдын 16-февралындагы №106/18-6 2026-жылга карата Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин бекитүү жана 2027-2028 жылдарга карата болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 18-сентябрындагы №1-13/5791 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 18-сентябрындагы №34 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төмөнкү бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууну жүргүзүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин:
- Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча «Имараттар жана курулуштар» 3111 беренесинен «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» 2215 беренесине 2 968 860 (эки миллион тогуз жүз алтымыш сегиз миң сегиз жүз алтымыш) сом (сметасына ылайык, Сулайманкулов көчөсүндөгү (Кыргыз көчөсүнөн Борончиев көчөсүнө чейин) суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн).
- Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча «Имараттар жана курулуштар» 3111 беренесинен «Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» 2215 беренесине 500 000 (беш жүз миң) сом (сметасына ылайык, Сулайманкулов көчөсүндөгү (Жантаев көчөсүнөн Кыргыз көчөсүнө чейин) суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн).
2.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ушул токтомдун пунктарына ылайык жүргүзсүн.
3.Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 29-сентябрында http://gk.tokmokcity.kg/4941 расмий сайтында жарыяланды
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңнешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Т. Тынайбеков |