ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 21-сентябры № 149/22-6
Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлеринин 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып эмгек акысын жогорулатууну каржылоо үчүн 4 993,9 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 17-сентябрындагы №1-13/5775 катынын жана Токмок шаардык кенешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 18-сентябрындагы №34 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-августундагы №303 Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашына Токмок шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын «Имараттар жана курулуштар» 3111 беренесинен 4 993,9 миң сом (төрт миллион тогуз жүз токсон үч миң тогуз жүз), анын ичинен: «Эмгек акы» 2111 беренесине 4 687,5 миң сом (төрт миллион алты жүз сексен жети миң беш жүз), «Социалдык фондко төгүмдөр» 2121 беренесине 306,4 миң сом (үч жүз алты миң төрт жүз) өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жергиликтүү бюджеттен гана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен каржылангандыктан, жылдырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. Токмок шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Б.А. Чанчаров) бөлүнгөн каражаттарды багыты боюнча так колдонсун.
3. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кенешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Т. Тынайбеков |