КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-сентябры № 107
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин
ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы № 715-VIII “Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 6-бөлүгүнө жана 54-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. “Элдик Банк” ААК жана “АБанк” ААК 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого катышып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин жана саясий партиялардан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин жана саясий партиялардан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине ыктыярдуу кайрымдуулуктарды которуу үчүн банк мекемелеринин мобилдик тиркемелеринин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Көзөмөлдөө-текшерүү жана аудиттик иш сектору ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси А. М. Айбалаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Шайназаров |
|
| Тиркеме |
Талапкерлердин жана саясий партиялардан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине ыктыярдуу кайрымдуулуктарды которуу үчүн банк мекемелеринин мобилдик тиркемелеринин тизмеси
№ | Банктын толук аталышы | Банктын кыскартылган аталышы | Тиркемелер (iOS/Android) |
1 | «Элдик Банк» Ачык акционердик коому | «Элдик Банк» ААК | Eldik |
2 | «АБанк» Ачык акционердик коому | «АБанк» ААК | ABank |
3 | «Кыргызкоммерцбанк» Ачык акционердик коому | «Кыргызкоммерц банк» ААК | KKB |
4 | «Мбанк» Ачык акционердик коому | «Мбанк» ААК | MBank |
5 | «Оптима Банк» Ачык акционердик коому | «Оптима Банк» ААК | Optima24 |
6 | «Коммерческий Банк КСБ» Жабык акционердик коому | «КБ КСБ» ЖАК | KICB |
7 | «Капитал Банк Центральной Азии» Ачык акционердик коому | «Капитал Банк» ААК | Capital Online |
8 | «Толубай» Акционердик коммерциялык банкы Жабык акционердик коому | «Толубай» АКБ ЖАК | Tolubay Mobile |
9 | «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» Жабык акционердик коому | «ДКИБ» ЖАК | DemirBank |
10 | «ДосКредобанк» Ачык акционердик коому | «ДосКредобанк» ААК | DCB360 |
11 | «Евразийский Сберегательный Банк» Ачык акционердик коому | «ЕСБ» ААК | ЕСБ Онлайн |
12 | «Банк Азии» Жабык акционердик коому | «Банк Азии» ЖАК | Bank of Asia |
13 | «БАКАЙ БАНК» Ачык акционердик коому | «БАКАЙ БАНК» ААК | Bakai24 |
14 | «О!Банк» Ачык акционердик коому | «О!Банк» ААК | O!Bank |
15 | «Кыргызский Инвестиционно-Кредитный Банк» Жабык акционердик коому | «КИКБ» ЖАК | Элсом 2.0. / KICB |
16 | «ФинансКредитБанк» Ачык акционердик коому | «ФКБ» ААК | FCB-Online |
17 | «Керемет Банк» Ачык акционердик коому | «Керемет Банк» ААК | Мобильный банкинг Керемет банк |
18 | «БайТушум» Ачык акционердик коому | «БайТушум» ААК | BTB 24 |
19 | «ФИНКА Банк» Жабык акционердик коому | «ФИНКА Банк» ЖАК | FINCA Bank Kyrgyzstan |
20 | «Банк Компаньон» Жабык акционердик коому | «Банк Компаньон» ЖАК | Кошелек Компаньон |