КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-октябры № 730
Кыргыз Республикасынын аймагына курулуш
материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө
убактылуу тыюу салууну жокко чыгаруу жөнүндө
Курулуш материалдарынын айрым түрлөрүнүн рыногун турукташтыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу жокко чыгарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу жокко чыгарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 614 «Кыргыз Республикасынын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 691 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 614 «Кыргыз Республикасынын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-октябрындагы № 82 (3842) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |