КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-октябры № 724
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жободо:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.»;
2) 8-пунктта:
– 1-пунктчада:
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«– Президентке чет мамлекеттерди жана өкмөттөрдү таануу жөнүндө сунуштарды киргизүү;»;
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– өз компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздук, коргоо, жаратылыш жана суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестицияларды жана туристтерди тартуу, тышкы экономикалык, соода, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык байланыштар, ошондой эле чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен башка байланыштар сыяктуу чөйрөлөрдө Министрлер Кабинетинин саясатын жана иш-чараларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;»;
жыйырма үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– Президентке Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди түзүүсү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү;»;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
«– Президентке, Жогорку Кеңештин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасына Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга мүчөлүгү жөнүндө сунуштарды киргизүү;»;
жыйырма төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– Президентке Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн уюштуруу, алардын ишин токтотуп туруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү;»;
– 3-пунктчанын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чет мамлекеттерге визиттерин, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегацияларынын Кыргыз Республикасына жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттерин уюштурууда жана өткөрүүдө Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын протокол кызматтары менен биргеликте дипломатиялык протоколду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык камсыз кылуу;»;
3) 13-пунктта:
– 3, 4, 5-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) Президентке төмөнкү кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды, ошондой эле тиешелүү кызмат орундарын ээлеген адамдарды кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет:
– Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү;
– Кыргыз Республикасында турган Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
4) төмөнкүлөргө сунуштарды киргизет:
– Министрлер Кабинетинин Төрагасына – Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык дайындоо жана бошотуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын компетенциясына кирген Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө;
– Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына – Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын компетенциясына кирген эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга ыйгарым укук берилген башка кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча;
5) Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жетекчилерин жана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги ардактуу консулдарын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле Президент менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын башкы консулдарын дайындайт;»;
– 26-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«26) белгиленген тартипте атташеден тартып 1-класстагы кеңешчи дипломатиялык рангын ыйгарат жана аталган дипломатиялык рангдардан ажыратат, ошондой эле Президентке Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангдарын, ардак наамдарды ыйгаруу жана андан ажыратуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет;».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-октябрындагы № 82 (3842) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |