КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 26-октябры № 811-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-жылдын 10-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-октябрындагы № 811-т тескемеси менен жактырылган |
2026-жылдын 10-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2026-жылдын 10-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге шайкеш келет.
Көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюлганга чейин тиешелүү мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин 2026-жылдын 16-июнундагы, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 2026-жылдын 16-июнундагы, Илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин 2026-жылдын 15-июнундагы чечимдери) менен макулдашылган, жооп нота - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июнундагы № 475-т тескемеси менен жактырылган.
Гранттык макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына магистрдин жана доктордун даражасын андан ары алуу укугун берүү менен Япониянын алдынкы университеттеринде англис тилинде эки жылдык окуудан өтүү каралган.
"Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоорунун алкагында 2027-2029-окуу жылдары магистратуранын программалары боюнча 19 кызматчыны жана 2027-2030-окуу жылдары докторантура программасы боюнча 1 кызматчыны окутуу каралган.
Гранттык макулдашуунун шарттары боюнча Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Япониянын мыйзамдарына ылайык 381000000 (үч жүз сексен бир миллион) япон иени өлчөмүндө грант берет.
Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.