Редакцияот 29.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 29-октябры № 732

 

Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым

маселелер жөнүндө

 

 

«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 461-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 «Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы № 45 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 «Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 166 «Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 3-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 323 «Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 2-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-октябрындагы № 82 (3842) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев