ПОСТАНОВЛЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
от 29 октября 2026 года № 731
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө», 2026-жылдын 28-августундагы № 303 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыктарына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта:
– 1-пунктчада:
бешинчи жана алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда, алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк жана кошумча акы;
– жогорку квалификациясы, эмгектин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштөө режими үчүн кызматтык маянасына 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк;»;
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
«– ведомстволук бөлүмдөрдүн жана региондук органдардын кызматкерлерине 15000 (он беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм.
Президенттик компенсациялык төлөм өргүү акыларын, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча акыларды эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн бир штаттык бирдиктен көп эмес (бир ставкага) төлөнөт;»;
– 2-пунктчада:
үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк жана кошумча акы;
– техникалык тейлеп иштеген кызматкерлерге, эмгектин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштөө режими үчүн иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянасына 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк;»;
алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«– иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн бир штаттык бирдикке 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм, ал өргүү акыларын, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөктөрдү жана кошумча акыларды эсептөөдө эске алынбайт.»;
2) жогоруда аталган токтомдун 1, 2, 3-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2, 3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду өзүнүн ченемдик актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |