КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 19-октябры № 793-т
Конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган "Бишкек Найман Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-беренесинин 3-бөлүгүнө, 28-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобонун 78-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы:
1) "Бишкек Найман Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагында № 611, 614, 615, 616, 617, 618, 622, 626 контурларда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы жалпы аянты 6,10 га жер тилкесин кыш заводун куруу үчүн 15 жылдык мөөнөткө ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берсин;
2) "Бишкек Найман Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому менен ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкесин 15 жылдык мөөнөткө ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө келишим түзсүн;
3) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдалануу үчүн ижара акысын толук көлөмдө республикалык бюджеттин кирешесине төлөөнү камсыз кылсын;
4) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу пайдаланууну контролдоону жүзөгө ашырсын;
5) мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу ижара келишиминин шарттары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чараларды көрсүн;
6) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун "Бишкек Найман Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна белгиленген тартипте каттасын.
3. "Бишкек Найман Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу пайдаланууну;
2) кыш заводунун курулушун ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу жөнүндө келишимде жана долбоордук документтерде белгиленген мөөнөттө аяктоону;
3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдалануу башталганга чейин "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусун алууну.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |