Редакцияот 06.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 6-октябры № 671

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык

эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттарын пайдалануу тартибин өркүндөтүү, бюджеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:

– 16-пунктта «учурдагы чыгымдарды жабууга» деген сөздөр «чыгымдарды жабууга» деген сөздөргө алмаштырылсын, «материалдык-техникалык базаны чыңдоого,» деген сөздөрдөн кийин «имараттарды жана курулмаларды курууга,» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев