КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 17-октябры № 360
Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы 2027-2029-жылдарга кызматташуу жөнүндө жол картасынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жол картасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы 2027-2029-жылдарга кызматташуу жөнүндө ЖОЛ КАРТАСЫ
Кыргыз Республикасы жана Армения Республикасы мындан ары Тараптар деп аталуу менен,
эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө умтулууну жетекчиликке алып,
ушул Жол картасын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү келечекке аныктаган негиз түзүүчү документ катары эсептеп,
ушул Жол картасын макулдашты:
1. Негизги максаттар жана милдеттер
Ушул Жол картасынын негизги максаты - 2027-2029-жылдар мезгилинде Тараптардын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы көп пландуу кызматташтыктын формаларын жана механизмдерин андан ары илгерилетүүнүн, активдештирүүнүн жана өркүндөтүүнүн негизги жана келечектүү багыттарын аныктоо.
Ушул Жол картасын ишке ашыруунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- кыргыз-армян мамилелерин жаңы сапаттуу деңгээлге чыгаруу үчүн шарттарды түзүү;
- кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү келечекке кызматташтыктын негизги артыкчылыктарын жана багыттарын аныктоо;
- эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча потенциалды өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде саясат жана коопсуздук, коргонуу жана аскердик-техникалык кызматташтык, экономика, агроөнөр жай комплекси, соода, инвестициялар, маданият, билим берүү, илим, техника, туризм, экология жана биологиялык ар түрдүүлүк чөйрөлөрүндө толук пайдалануу;
- Тараптардын ортосундагы эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана өнүктүрүү.
2. Жол картасын ишке ашыруунун принциптери
Ушул Жол картасын ишке ашырууда төмөнкүлөр негизги принциптер болуп саналат:
- Тараптардын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди достук, өз ара түшүнүшүү, өз ара ишеним, мамлекеттердин көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сыйлоо салттарынын, алардын ички иштерине кийлигишпөө, эл аралык коопсуздукту сактоо, чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу, теңчилик жана өз ара пайда көрүү принциптеринин негизинде өнүктүрүү;
- Тараптардын ортосунда кол коюлган келишимдерди, макулдашууларды жана башка эки тараптуу документтерди сактоо жана аткаруу;
- адилеттүүлүк принциптерин жана эл аралык укукту жетекчиликке алуу, эки тараптуу талаш-тартыштарды дипломатиялык каражаттар менен чечүү.
3. Саясий чөйрөдөгү кызматташтык
Тараптардын ортосунда конструктивдүү жана ишенимдүү мамилелерди өнүктүрүү артыкчылыктуу милдет болуп саналат, ал саясий өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлинин индикатору экени шексиз.
Саясий өз ара мамилелерди өнүктүрүү максатында Тараптар төмөнкүлөрдү ниеттенет:
- эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде саясий диалогду бекемдөө боюнча иштерди активдештирүүнү;
- эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелери, өз ара кызыкчылык жараткан эл аралык жана региондук маселелер боюнча пикир алмашууну жүргүзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Армения Республикасынын Улуттук Чогулушунун ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты иш сапарлар менен алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана парламенттер аралык достук топтору менен өз ара аракеттенүү жолу менен активдештирүүнү; институттук жана мыйзам чыгаруу иштеринде тажрыйба алмашууну жүзөгө ашырууну; эл аралык парламенттик түзүмдөрдүн алкагында биргелешкен демилгелерди илгерилетүүнү өз ара колдоону;
- Тараптардын тышкы саясат ведомстволорунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин деңгээлинде кыргыз-армян мамилелеринин актуалдуу маселелери жана эл аралык тематика боюнча Тараптардын макулдашуусу боюнча саясий консультацияларды өткөрүүнү;
- эки тараптуу эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоонун жүрүшү, эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу тууралуу маалымат алмашууну; эки тараптуу кызматташтыктын укуктук базасын андан ары кеңейтүү боюнча бардык күч-аракеттерди жумшоону.
4. Соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтык
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү жана номенклатурасын кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу жолу менен өнүктүрүүгө болгон ниетин ырастайт.
Соода-экономикалык мамилелерди илгерилетүү максатында Тараптар төмөнкүлөрдү ниеттенет:
- Тараптардын улуттук мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык товар жүгүртүүнү кеңейтүү, эки тараптуу соода үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, сооданын түзүмүн оптималдаштыруу жана эки тараптуу сооданы тең салмактуу өнүктүрүү үчүн ар тараптуу чараларды көрүүнү;
- жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, өз өлкөлөрүнүн аймагынын чегинде жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын Тараптардын ар биринин улуттук мыйзамдарына ылайык коргоону камсыздоо боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону жана таасирдүү чараларды көрүүнү;
- айыл чарба өндүрүшү, тамак-аш жана фармацевтика өнөр жайы, санариптештирүү, саламаттык сактоо, жашыл экономика, маалыматтык технологиялар, билим берүү, туризм, кен казуу сектору, энергетика, транспорттук инфраструктура, инжиниринг жана курулуш сыяктуу тармактарда Кыргыз Республикасында жана Армения Республикасында бир катар эки тараптуу, көп тараптуу долбоорлорду, ошондой эле суу менен камсыздоо системасына, кооптуу калдыктарды утилдештирүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну;
- эки өлкөнүн соода палаталарынын, бизнес-сектордун өкүлдөрүнүн, инвесторлордун, өндүрүүчүлөрдүн жана трейдерлердин ортосунда кыйла тыгыз кызматташтыкты түзүүгө көмөктөшүүнү;
- биргелешкен иштиктүү форумдарды жана инвестициялык-соода жарманкелерин өткөрүү боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү, ошондой эле бул иш-чараларга чакан жана орто ишканалардын катышуусуна көмөк көрсөтүүнү;
- эки тараптуу соода жөнүндө статистикалык маалыматтар менен, ошондой эле тышкы экономикалык ишти башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдар тууралуу маалымат менен туруктуу негизде алмашууну;
- мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоо жана киберкоопсуздук чөйрөсүндө тажрыйба жана технологиялар менен алмашууну;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Тараптардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосунда мамлекеттик кызматка кадрларды тандоонун заманбап методдорун колдонуу жана санариптештирүү маселелери боюнча тажрыйба алмашууну жүзөгө ашырууну;
- жасалма интеллект жана жогорку технологиялар парктары тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүнү;
- Борбордук Азия менен Түштүк Кавказ региондорун байланыштырган оптималдуу логистикалык маршруттарды жана транспорттук коридорлорду изилдөөгө жана түзүүгө көмөктөшүүнү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы иштиктүү байланыштарга жана туристтик сапарларга дем берүү үчүн түз же оптималдаштырылган аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну;
- климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү.
5. Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык
Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты илгерилетүү максатында Тараптар төмөнкүлөрдү ниеттенет:
- маданият, искусство, билим берүү жана илим тармагында Тараптардын ортосунда туруктуу байланыштарды колдоо үчүн шарттарды түзүүнү, ошондой эле маданий жана гуманитардык алмашуулардын бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү;
- жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, билим берүү программаларын ишке ашырууга, билим берүү, саламаттык сактоо, экология, айыл чарба тармагында жана башка чөйрөлөрдө адистердин квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүүнү;
- Тараптардын мамлекеттик музейлеринин ортосунда кызматташтыкты орнотууга жана өнүктүрүүгө иш пландарын жана/же эки тараптуу макулдашууларды түзүү менен көмөктөшүүнү, атап айтканда көргөзмөлөрдү уюштуруу, маданий-тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүү, эки өлкөнүн тарыхы жана маданий мурасы боюнча адистерди, эксперттерди, маалыматтарды жана басылмаларды алмашуу, ошондой эле музей фонддорун санариптештирүү жана заманбап музей технологияларын киргизүү тармагында тажрыйба алмашуу чөйрөлөрүндө;
- маданият жана искусство тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү, анын ичинде эки өлкөнүн маданий турмушунун көрүнүктүү ишмерлерине жана маанилүү окуяларына арналган биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына жана композитор Арам Хачатуряндын 125 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароо, ошондой эле Армения Республикасында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн жана Кыргыз Республикасында Армения Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүү;
- эки өлкөнүн изилдөөчүлөрүнүн ортосунда фундаменталдык илимий изилдөөлөр тармагында да, тарых жана лингвистика тармагында да түз байланыштарды түзүүгө көмөктөшүүнү;
- эки өлкөнүн спортчуларынын эки өлкөнүн аймагында өткөрүлүүчү эл аралык спорттук иш-чараларга катышуусуна, жогорку жетишкендиктер спорту, массалык жана адаптивдүү спорт, ошондой эле спорттук медицина чөйрөсүндөгү адистердин тажрыйба алмашуусуна көмөктөшүүнү жана Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү маанилүү, рейтингдик жана лицензиялык эл аралык спорттук мелдештер тууралуу маалымат менен алмашууну;
- жаштар саясаты чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнү, атап айтканда эки өлкөнүн жаштарынын өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашууга, ошондой эле жаштар саясаты чөйрөсүндөгү демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүүнү;
- Кыргыз Республикасынын жана Армения Республикасынын региондорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкка, анын ичинде эки өлкөнүн шаарларынын ортосунда бир туугандык байланыштарды түзүү жолу менен өзгөчө маани берүүнү;
- туризм чөйрөсүндө кызыкдар тараптардын жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүүгө көмөктөшүүнү; туристтик потенциал жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алмашууну жүзөгө ашырууну; маалымат жана тажрыйба алмашуу аркылуу туризм чөйрөсүнүн ар кандай багыттарында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну.
6. Эл аралык аянтчалардын алкагындагы кызматташтык
Тараптар ар кандай эл аралык уюмдардын, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ), Шанхай кызматташтык уюмунун, Евразия экономикалык бирлигинин, Эл аралык валюта фондунун, Дүйнөлүк банктын, Дүйнөлүк соода уюмунун, Эл аралык көргөзмөлөр бюросунун жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында андан ары да кызматташууга болгон ниетин ырастайт.
Кызматташтыктын бул чөйрөсүн өнүктүрүү максатында Тараптар төмөнкүлөрдү ниеттенет:
- БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну улантууну, дүйнө жүзүндө тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту сактоодо БУУнун борбордук ролун бекемдөөнү, башка маселелерде да БУУнун натыйжалуулугун жогорулатуу жана реформалоо жаатында кызматташтыкты бекемдөөнү улантууну;
- ар кандай эл аралык аянтчаларда бири биринин тышкы саясий демилгелерин жана талапкерлерин эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарында кароодо өз ара колдоо көрсөтүүгө умтулууну.
7. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагындагы кызматташтык
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө максатында Тараптар төмөнкүлөрдү ниеттенет:
- Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү;
- тажрыйба жана мыкты практикалар, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашууну жүзөгө ашырууну;
- адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча биргелешкен окууларды, машыгууларды жана иш-чараларды уюштурууну;
- өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары тууралуу маалымат алмашууну жүзөгө ашырууну жана мониторинг жүргүзүү жана эрте кабар берүү системаларын өнүктүрүүнү.
8. Кылмыштуулукка каршы аракеттенүү тармагындагы кызматташтык
Тараптар уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде төмөнкүлөргө каршы күрөшүүдө кызматташтыкты активдештирүүнү ниеттенет:
- адамдарды сатууга (трафикингге);
- киберкылмыштуулукка;
- баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө (баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, атап айтканда, баңгизаттарды интернет аркылуу сатып өткөрүүгө каршы аракеттенүү).
Тараптар уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт.
9. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтык
Айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө максатында Тараптар өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын системасын өнүктүрүү, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү ниеттенет.
Ушул Жол картасы эл аралык келишим болуп саналбайт жана Тараптар үчүн эл аралык укук менен жөнгө салынуучу укуктарды жана милдеттенмелерди жаратпайт.
Ушул Жол картасы кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет жана 2027-2029-жылдар мезгилинде ишке ашырылат.
Ушул Жол картасынын жоболорун чечмелөөдө же колдонууда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар аларды консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечет.
Ереван шаарында 2026-жылдын 17-октябрында эки нускада, ар бири кыргыз, орус жана армян тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Жол картасынын текстин чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти колдонот.