Редакцияот 28.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 28-октябры № 371

 

 

Калктын социалдык муктаждыктарын камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 102-статьясынын экинчи бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык: 

 

            1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жеңиштин 50 жылдыгы көчөсү, № 4 дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 1-01-14-0060-3665, жалпы аянты 10,48 га болгон жер тилкесин белгиленген тартипте бөлүп берсин;

2) бул пункттун 1-пунктчасынан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

            2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                            С.Н. Жапаров