КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 13-октябры № 780-т
«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2027-жылга чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квотанын бөлүштүрүлүшүнө квартал сайын талдоо жүргүзcүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1161-т тескемеси 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| Д.Дж. Амангельдиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2027-жылга чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота
Региондун аталышы | Саны |
Бишкек шаары | 100 |
Ош шаары | 30 |
Баткен облусу | 10 |
Жалал-Абад облусу | 50 |
Ысык-Көл облусу | 20 |
Нарын облусу | 20 |
Ош облусу | 50 |
Талас облусу | 10 |
Чүй облусу | 110 |
Жалпы | 400 |