КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-октябры № 764-VIII
2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине экономика
тармактарын жана калкты даярдоо боюнча
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
тарабынан жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине төмөнкүлөр сунушталсын:
– 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү, ошондой эле авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана келип чыгышына жол бербөө максатында пландаштырылган капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин толук көлөмдө аяктоо;
– республикалык маанидеги автомобиль жолдорун жана ашууларды тазалоо иштеринин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылуу;
– Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумуна электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭЭКЭАТ) орнотуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууну тездетүү;
– 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде энергетикалык тутумдун туруктуу иштөөсүн, республиканын экономикасын жана калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, ошондой эле негизсиз өчүрүүлөргө жол бербөө;
– калкты сапаттуу көмүр менен туруктуу баада камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү;
– Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүр ташуу үчүн зарыл болгон санда жарым вагондордун өз убагында берилүүсүн камсыз кылуу;
– бюджеттик мекемелердин керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн дебитордук карыз болушуна жол бербөө боюнча чараларды көрүү;
– тышкы абанын суткалык орточо температурасы туруктуу төмөндөгөнгө чейин саламаттык сактоо жана билим берүү объекттерин көмүр менен биринчи кезекте камсыздоону алдын ала караштыруу менен, бюджеттик уюмдарды көмүр менен камсыз кылуу иштерин толук көлөмдө аяктоо;
– жол төшөлмөлөрүнүн бузулушуна жол бербөө максатында жүк ташууну жүзөгө ашырууда салмактык-габариттик ченемдердин сакталышын контролдоону күчөтүү;
– Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаратылыш газы чыккан кен жатактарын өздөштүрүү боюнча атайын программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү;
– калктын учурдагы керектөөлөрүн эске алуу менен «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасын актуалдаштыруу жана жеткире иштеп чыгуу;
– калктуу конуштарда газ түтүктөрүн тартууда газдаштыруунун бардык этаптарында калкка маалымат берүүнү уюштуруу;
– аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоонун көлөмүн көбөйтүү жана пайыздык ставкаларды төмөндөтүү боюнча иштерди күчөтүү.
3. Ушул токтомду аткаруунун жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ар квартал сайын маалымат берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага М.А. Маматалиев