Документке
Мурунку03.11.2026

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

XXIX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

 

ТОКТОМ

 

 2026-жылдын  5-октябры №29-30/1

 

Каракол шаарынын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын чакыруу жѳнʏндѳ        

Кыргыз Республикасынын Президентинин, 2026-жылдын 3-сентябрындагы, №309 «кезектеги V Элдик Курултайды чакыруу» жѳнʏндѳгʏ Жарлыгынын негизинде, кезектеги VЭлдик Курултайды уюштуруунун жана ѳткѳрʏʏнʏн календарлык планына ылайык, Каракол шаардында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы,

токтомкылат:

  1. 2026-жылдын 24-октябрында, саат14-00 дѳ Каракол шаарында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтʏʏ жамааттардын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйыны чакырылсын. Жергилктʏʏ жамааттардын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйынын ѳткѳрʏʏ ордун Каракол шаарынын мэриясы аныктасын.
  2. Каракол шаарындагы ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйынды уюштуруу жана ѳткѳрʏʏ ʏчʏн жумушчу топ №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Каракол шаарынын мэриясы муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте Каракол шаарындагы ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйынды ѳткѳрʏʏ ордун                      № 2-тиркемеге ылайык графикке ылайык уюштурсун.
  4. Каракол шаарынынмэриясы, муниципалдык аймактык башкаруулары менен бирдикте, тургундарды ММКлар, расмий сайттар аркылуу, бекитилген графикке ылайык, ѳтѳтурган жыйындардын орду, кʏнʏ, убактысы боюнча маалымат беришсин.
  5. Каракол шаарынын ички иштер бѳлʏмʏ, Каракол шаарында Кыргыз РеспубликасынынЭлдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча, жергиликтʏʏ жамааттардын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын ѳткѳрʏʏдѳ коомдук тартипти камсыз кылсын.
  6. Бул токтом «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнʏндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  7. Бултоктом кол коюлганда нкийин кʏчʏнѳ кирет.
  8. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине  жана Каракол шаардык Кенешинин тѳрагасынын орун басарына  жүктөлсүн.

 

 

Төрага Таштанбек уулу С

 

 

Каракол шаардык Кенешинин, 2026-жылдын 5-октябрындагы

XXIX чакырылышынын кезексиз XXX

сессиясынын №29-30/1 токтомуна ылайык №1- тиркеме

 

Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын V Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча, жергиликтʏʏ жамааттардын ѳкʏлчʏлʏктʏʏ жыйындарын ѳткѳрʏʏ боюнча жумушчу тобунун курамы

 

№

Аты-жѳнʏ

Кызмат орду

1

Таштанбекуулу Санжар

Каракол шаардыкКенешининтѳрагасы

2

Курманов БакытШайлобекович

КШКнынтѳрагасынынбиринчи орун басары

3

Аскаров Нурдин Аскарович

КШКнынтѳрагасынын орун басары

4

МайрыковЭрмекАвенович

Жооптуукатчы

5

СагымбаевРыскулЖумакадырович

Мэриянын аппарат жетекчиси

6

Медербеков СаламатМедербекович

Каракол шаарынынмэриясынынбашкыадиси

7

МаксатбековЭржанМаксатбекович

Каракол шаарынынмэриясынынбашкыадиси

8

АсанбаеваБактыгулАсанбаевна

Коомчулуктан

9

Турдукеев Замир Турдукеевич

Каракол шаарынынэтникалыкмаселелерибоюнчажооптуукатчысы

 

 

 

ЖооптуукатчыЭ.А.Майрыков

 

 

 

 

 

 

 

Каракол шаардык Кенешинин, 2026-жылдын 5-октябрындагы

XXIX чакырылышынын кезексиз XXX

сессиясынын №29-30/1 токтомуна ылайык №2- тиркеме

 

Каракол шаарынын Курултайына жергиликтʏʏ жамааттардан делегаттарды шайлоо боюнча жыйындардын графиги

№

Болуштар

Делегаттардын саны

Ɵткѳрʏʏубактысы

Ɵткѳрʏʏжери

Жооптуулар

1

№1

21

14.10.2026 ж

17:30 саат

№5 мектепУдиловкѳчѳсʏ

МАБбашчылары№1

2

№2

21

15.10.2026 ж

16:00 саат

№3 мектеп

МАБ №2башчылары

3

№3

21

13.10.2026 ж

16:00 саат

№1 мектеби

МАБ №3башчылары

4

№4

21

16.10.2026 ж

15:00 саат

№11 мектеп

МАБ №4башчылары

5

№5

21

12.10.2026 ж

16:00 саат

№2 лицей

МАБ №5

башчылары

6

№6

21

14.10.2026 ж

16:00 саат

№8 б-бакча

МАБ №6

башчылары

7

№7

21

16.10.2026 ж

13:10 саат

№6 мектеп

МАБ №7

башчылары

8

№8 (Чельпек)

30

15.10.2026 ж

17:00 саат

спорткомплекс

МАБ №8

башчылары

9

№9  Пристань-Пржевальск

23

09.10.2026 ж

17:00 саат

№7 мектеп

МАБ №9

башчылары

 

 

 

ЖооптуукатчыЭ.Майрыков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жаңы02.11.2026