ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХХХII сессиясынын
2020-жылдын 28-декабрындагы № 1
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жѳнүндѳ
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 2021-жылга киреше жана чыгаша бѳлүктѳрү “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети” жѳнүндѳгү, “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси” жѳнүндѳгү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан бекитилген Салык Кодекси жѳнүндѳгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлүп, айылдык Кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясында каралды.
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жѳнүндѳгү айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып,
Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XXIшайланышынын) кезектеги XXXIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 9342,5мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча 9342,5 мин сом суммасында №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2021-2023-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. 2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизи кѳрсѳткүчтѳрүнүн болжолу жактырылсын:
2022-жылга 9315,8 мин сом суммасында
2023-жылга 9479,8 мин сом суммасында.
3. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгү №3 тиркемеге ылайык салык жана салык эмес тѳлѳмдѳрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлѳрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджеттин ичинен 89,4 мин сом суммасында резервдик фонд болуп бекитилсин.
7. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фонддуна чегерүүлѳр, тамактануу) жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр боюнча (электроэнергия, кѳмүр, телефон байланышы ж.б) жүргүзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн токтому менен бекитилген электроэнергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу, ар ай сайын тиешелүү мекемелер менен эсептешүү иштери камсыз кылынсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык Кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,а йыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С.Сапарбековго жана айыл ѳкмѳтүнүн финансы экономика бѳлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин тѳрагасы |
| Р.Ажыбаев |