Редакцияот 30.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 30-сентябры № 743-т

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 623-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) ушул тескемени ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;

2) финансылык ижара (лизинг) келишиминин мөөнөтү колдонулган мезгилде дотациялык камсыздоодо турган жана теңөөчү трансферттерди алган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан лизингдик төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн акча каражаттарын карасын.».

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев